Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Караколдо Аксы окуясында курман болгондор эскерилди


КАРАКОЛ. «Атуулдук биримдик» коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлгөн эскерүү митингине "Асаба", КДК, "Социал демократия", "Эркин Кыргызстан", "Коммунисттер", "Жаңы заман" партияларынын, керектөөчүлөр союзунун, кыргыз тили кыймылынын Караколдогу өкүлдөрү, Каракол шаардык Кеңешинин депутаттары жана облустук казияттын имамы катышты. Жыйында Аксы окуясы тууралуу саясий көз караштар талкууланды. Жыйындын соңунда президент А.Акаевге жана өкмөткө күнөөлүүлөрдү жазалап, чекит коюлушу керек, эгерде бул Аксы окуясы чоң саясий окуяга айланса арты жакшылык алып келбейт деген мазмундагы кайрылуу кабыл алышты. Бул маалымат "Асаба" партиясынын Ысыккөл облустук уюмунун катчысы Канымет Жакыпбектегинден алынды.

XS
SM
MD
LG