Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

ИРАК: КООГАЛАҢ КҮЧ, КООПСУЗДУК ЖОК


Ирактагы согуштун башталганына алдыдагы ишембиде бир жыл болот. Буга байланыштуу коалициянын аскерлери шайма-шай абалга келтирилди. Бейшемби күнү Баакуба шаарында жергиликтүү үч журналист – коалиция каржылаган телеканалдын кызматкерлери, анын соңунан Багдадда эларалык аэропортко жуук жерде америкалык эки жоокер мерт болду. Ал эми шаршемби күнү Багдаддагы чакан мейманканалардын биринде жарылган бомбадан, такталган маалыматтарга ылайык он жети эмес, жети кишинин өмүрү кыйылды. Вашингтон администрациянын өкүлдөрү террорду кескин айыптап, мындай аракеттер коалицияны Ирактагы кайра куруу пландарынан баш тартканга мажбур кыла албайт деп билдиришти.

Ак үйдүн өкүлү Скот Маклеллан Багдаддагы террорду жөн-жайкын адамдарга каршы жасалган жексур кыянат деп атады. Буга карабастан Маклелландын айтымында, ирак элине эркиндикке жана баракатчылыкка жетүүдө коалиция мындан ары да көмөктөшө берет. Демократия Иракта тамырын жая баштады, эми артка кайтканга жол жок деп айтты Ак үйдүн өкүлү.

Багдаддагы конолго үй эмнеден жарылганы азырынча тактала элек. Ирактын ички иштер министринин найыбы Ахмед Кадим имаратка ракета келип тийди деп эсептейт. Америкалык аскери өкүлдөр болсо конолго үйгө чукул турган машина жарылып, өрт ошондон тутанганын айтышууда. Ички иштер министри Ноури Бадран конок үйдөгү жарылуудан жети киши набыт болду деп ырастады, америкалык өкүлдөр мурда алардын саны он жетиге чукул экенин айтышкан эле. Ушул эле күнү түштүктөгү Басра шаарында жол четинде бомба жарылып, машинада бараткан эки киши мерт болду.

Башкаруучу кеңештин өкүлү Хамид Кефаи мейманканадагы террор үчүн жоопкерчиликти “Ал-Каидага” жүктөдү жана ”адамзаттын душмандарына” каршы күрөштө Ирак эларалык жардамга муктаж экенин белгиледи. Ошол эле күнү башкаруу кеңеши ООНго кайрылып, 30-июнда бийликти өткөрүп алуу ишине көмөктөшүүнү өтүндү. Кеңеш Лахдар Брахими жетектеген эларалык эксперттер Иракка келип, саясий процесстин бардык өңүттөрү боюнча талкууларды жайылтышы керек деп эсептейт. Бирок буга шийиттердин бир катар таасирдүү лидерлери каршы болуп жатышат. Кофи Аннан ООНдун өкүлдөрү ирактыктарга көмөктөшкөнгө даяр экенин ырастап, мунун башка шарты катары коопсуздукту атады. Коопсуздуктун жетишсиздиги, Аннандын айтымында, ООНдун өкүлдөрү үчүн эле эмес, жалпы кайра куруу иштери, атүгүл ирактыктардын өздөрү үчүн да олуттуу каскак болуп жатат. Коопсуздук чөйрөсү жакшырмайын Ирак элине убада кылынган пландар ишке ашышы күмөн, деп кошумчалады Аннан.

Ирактагы кырдаал АКШда президенттик кызматтын негизги эки талапкеринин саясий акыйнектеринде да башкы тема бойдон калды. Демократтардын айныксыз кандидаты болгонго азырынча бейырасмий мандатын утуп алган сенатор Жон Керри өзүнүн программалык сөзүндө Жорж Буштун тышкы саясатын сынга алып: “Биз Иракта аса байланып калдык, азыркы администрация өзүнүн оңунан чыкпаган бир жактуу саясатын көшөрө улантууда, бул бизди маанилүү, сынамал союздаштардан ажыратып жатат”, - деп билдирди. Буга жооп кайтарып, Калифорниядагы сөзүндө вице-президент Дик Чейни сенатор Керри мындан алты жыл илгери Ирактагы режимди керек болсо күчкө салып өзгөртүү зарылдыгын айтып, былтыр октябрда конгрессте бул маселе колго салынганда Саддам Хусейн ООНдун талаптарын аткаруудан баш тартса аскери операция баштоо керектигин аныктаган чечимди колдогонун эске салды.
XS
SM
MD
LG