Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

ГРУЗИН ПРЕЗИДЕНТИ АЖАРИЯДАГЫ БҮГҮНКҮ СҮЙЛӨШҮҮ БАЙСАЛДУУ БОЛДУ ДЕП БААЛАЙТ


Бүгүн (бейшембиде) грузин президенти Михаил Саакашвили Ажариянын ордо шаары Батумиге келип, расмий Тбилисиге баш ийгиси келбей жаткан автономиянын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү. Тбилиси менен Батуминин өз ара тирешүүсү дароо эле бүтө калчудай көрүнбөйт, бирок бул сапардын жүзөгө ашырылышынын өзү эле тараптардын саясий баарлашуу жолун четке какпагандыгын айгинелөөдө. Саакашвили бул жолку сүйлөшүү байсалдуу аяктаганын билдирди.

Грузин президенти Михаил Саакашвилинин Ажария автономиясынын аймагына киришинин өзү эле өлкөдө чоң жеңилденүүнү жаратты. Өткөн жекшембиде Саакашвили бир канча министринин жана сакчыларынын коштоосу астында Ажария аймагына кирүүгө аракеттенгенде, анын жолун ажариялык ички иштер министрлигинин аскерлери жана ыктыярдуу куралданган ажарлар тобу тосуп, өлкө президентин автономиялык аймакка өткөрбөй койгон. Саакашвили аймактын Кобулети ооданына келип, жергиликтүү тургундар менен 28-мартка белгиленген президенттик шайлоо жаатында баарлашкысы келген.

Бүгүн Михаил Саакашвили менен Ажариянын жетекчиси Аслан Абашидзе Батумиде сүйлөшүү жүргүзүштү. Абашидзенин миңдеген куралданган жана карапайым тарапкерлери сүйлөшүү жүргөн сарайды курчап турушту.

Президент Саакашвили сүйлөшүү аяктаган соң, маалымат каражаттары үчүн жыйын өткөрүп, мындай деди:

- Ток этээр жерин айтайын. Бардык негизги маселелерди чече алдык. Алар эркин шайлоо өткөрүү, адамдардын бир жайдан экинчи жайга эркин жүрүүсү, саясий камактагыларды боштондукка чыгаруу, ошондой эле куралданган кишилердин өз куралдарын тапшыруусу жана ыктыярдуу кошуундарды куралсыздандыра баштоо.

Президент Саакашвили бүгүн түнкү 12:00де Ажарияга коюлган экономикалык чектөөлөр бүт алынып салынаарын да белгиледи.

Айтмакчы, Ажария сапарынын негизги максатын президент Саакашвили кечээ кечинде мындайча түшүндүргөн:

- Менин сапарымдын мүдөөсү - абдан айкын. Бир жагынан, тирешүүнү жоюу. Экинчи жагынан, көп жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөрдү талкуулоо. Ушул баскычта өтө маанилүү болгон нерсе – бул Ажарияда жана жалпы эле Грузияда алдыдагы парламенттик шайлоону өз жолу менен өткөрүүгө жетишүү. Калктын бир жайдан экинчисине эркин каттоосуна, сөз эркиндигине, журналисттердин өз милдетин эч чектөөсүз аткаруусуна жетишүү. Ошондой эле саясий ишмердүүлүгү үчүн камакка алынгандарды боштондукка чыгаруу зарыл.

Ажариянын калкынын баары тең эле Саакашвилини жактырбайт деп айтууга мүмкүн эмес. Батумиде аны колдогон жана Абашидзенин бийлигине каршы оппозицияда болгон топтор президентти шаттана тосуп алды. Жарданган эл Саакашвилини «Миша! Миша!» деп эркелетип атап жатышты.

Автономиялык аймактын жетекчиси Аслан Абашидзе Тбилиси тарабынан «Ажарияда авторитардык режим түздү» деп айыпталып келет. Грузин тилинде сүйлөгөн, бирок ислам динин туткан ажарлардын көпчүлүгү болсо аймактын 1991-жылдан бери чыңдалган автономиялык ыйгарым укуктарын сактап калууну биринчи орунга коюп, Абашидзенин авторитардык башкаруу ыкмасына көз жумду кылууда.

Эки тарап тең 28-марттагы шайлоодо Ажария тараптан шайланчу парламенттик орунду каршылаштарына алдырып жиберүүдөн чочулашат. Андан тышкары, Тбилиси аймактын жергиликтүү өкмөтүн улуттук бүжөткө кошчу салымдары боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатат деп да айыптоодо.

Соңку тирешүүлөр жана Ажариянын Тбилиси тарабынан жарым-жартылай экономикалык камалоого алынышы эл аралык коомчулукта аймакта куралдуу кагылышуулар келип чыкпаса экен деген чочулоону пайда кылган.

Европа Биримдиги шаршембиде атайын билдирүүсүн жарыялап, Тбилиси менен Батумини өз ара талаштарын баарлашуу аркылуу чечүүгө чакырды. Ажария менен чекаралаш болгон Түркия да шаршембиде бул маселеге кайрылып, Батуми менен Тбилиси өз ара талаштарын тынч жол менен чечет ко деген үмүтүн билдирди.

Саакашвили болсо шаршембиде Тбилисиде өткөргөн маалымат жыйынында өзүнүн мамлекет башчы катары башкы милдети - өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо экенин эскерткен:

- Мен Грузиянын тарыхынын алдында өзүмө коюлган милдетти аткарышым керек. Бул – Грузияны бириктирүү, аны бирдиктүү өлкөгө айландыруу. Бул тууралуу мен Гелати жергесинде Улуу Куруучу падыша Давиттин көрүстөнүнүн жанында туруп президенттик ант бергем. Мен өзүм ичкен касамдын бир да сөзүн унутта калтырган жокмун. Бардык жергиликтүү жетекчилер, бардык грузин атуулдары муну эсинде тутуусу керек. Мен ар кандай баарлашуу үчүн даярмын, ачыкмын, бирок саясатыбыз ырааттуу улантылаарын ар ким билүүгө тийиш.

Орусиянын ордо шаары - Маскөөнүн акими Юрий Лужков Батуми менен Тбилисинин ортосунда арачылык милдет аткарууга далаалаттанып, 16-мартта Ажариянын жана өлкөнүн ордо шаарларына келип кетти. Бирок президент Саакашвили Маскөөнүн мындай аракетин жактырбагандыгын ачык билдирди. «Мен өзүмдүн карамагымдагы жетекчилер менен сүйлөшүү үчүн арачыга муктаж эмесмин», - деди Саакашвили.

Ал эми ажар жетекчиси Абашидзе болсо грузин парламент спикери Нино Буржанадзе айым менен ушул шаршембидеги жети саатка созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин гана президент Саакашвили менен жолугушууга макул болгон.

Айтор, байсалдуу аяктады деп грузин президенти баалаган бул соңку сүйлөшүүлөр болочокку жандуу баарлашуунун каалгасын ачышы мүмкүн, бирок орчун маселелер дароо эле чечиле калаарын эки жак тең күтпөстүгүн Михаил Саакашвилинин өзү да бүгүн баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG