Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:59

АТБАШЫДАГЫ АВИАКЫРСЫКТЫ МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯ ИЛИКТЕЙТ


15-мартта Нарын облусунун Атбашы районундагы Арпа өрөөнүндө болгон авиакырсыкты премьер-министр Николай Танаев башында турган өкмөттүк комиссия иликтөөгө киришти. Мергенчилерди сактоого барган тик учма кандай кырдаалда жана эмне үчүн жерге кулап түшкөндүгүнүн аныгына көз карандысыз техникалык комиссия чыгат.

15-март күнү Атбашы районундагы Музтөр чегара бекетинен 20 чакырым алыс жерде болгон авиакырсыктын себептерин иликтөө үчүн бейшембиде тутуму 8 адистен турган көз карандысыз техникалык комиссия Атбашыга жөнөп кетти. Анын курамында КМШнын граждандык авиация боюнча мамлекеттер аралык комитетинин Москвадан чакыртылган эки адиси бар. Кырсыкты иликтеп жаткан өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, чегара кызматынын төрагасы Калмурат Садиевдин айтымында, комиссия кырсык себептерин аныктамайынча тик учма кандай жагдайда, эмне себептен кулап түшкөндүгүн так айтуу эртелик кылат. Ал эми Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Болот Айдаралиевдин билдирүүсү боюнча, тик учма техникалык жактан кынтыксыз жарамдуу болчу:

- Тик учмалардын ресурсу эларалык орган тарабынан аныкталат. Андай техникалык аныктама ар бир жарым жылда өткөрүлүп, учактарга берилген техникалык мүнөздөмөлөрдүн негизинде учуу мөөнөтү узартылып турат. Андай уруксатсыз бул тик учма абага көтөрүлмөк эмес.

Болот Айдаралиевдин айтымында, куткаруучулар түшкөн тик учма жөнөтүлгөндө аба ырайы да учууга боло тургандай абалда болчу. Бирок тик учма Атбашы районундагы Жамандабаа деген жерде кар курчоосунда калган 24 адамды салып, асманга көтөрүлгөндөн 5 мүнөт өткөндөн кийин эле кайра ылдый кулап кеткен. Айрым адистердин айтымында, анын жерге кайра кулап түшүүсүнө жүктүн оордугу түрткү бериши мүмкүн. Мындай божомолду чегара кызматынын төрагасы Калмурат Садиев да жокко чыгарган жок:

- Түрткү бериши мүмкүн. Тик учмага элди отургузуп, жүгүн салып асманга көтөрүлгөндөн беш мүнөт өткөндөн кийин эле ылдый кулап барып, дөңгө тийген. Андан жерге кулап түшүп, бир нече жолу аласалып кеткен. Эми мунун себебин азыр так айтыш кыйын. Техникалык жагынан бузугу барбы же жүк оордук кылдыбы, айтор ар кандай божомолдор бар.

Ал эми кырсыкка учураган тик учманын 24 жүргүнчүсүнүн экөө - учкуч Юрий Храмушин менен Атбашы районундагы Кызылтуу айылынын тургуну Эралы Шарабединов дароо каза болушкан. Жарат алган жети жүргүнчү азыр Атбашы райондук ооруканасында, бешөө Нарын облустук ооруканасында дарыланууда. Алардын ичинен бешөөнүн колу-буту сынгандыктан дарыгерлер абалын оор деп баалап жатышат. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун айтымында, алар Бишкектен жиберилген үч жана жергиликтүү 10 дарыгердин көзөмөлүндө болуп жатышат. Ал эми жүргүнчүлөр арасындагы АКШнын эки атуулунун бири баш сөөгүнөн жарат алып, бирөө жабыркаган эмес. Канаданын бир атуулунун да абалы жакшы. Алардын абалы дурус болгондуктан ооруканага жатышкан эмес.

Ал эми Арпа жайлоосуна мергенчилик кылууга уруксатты алар тышкы, ички иштер министрликтеринен 27-февралда алып, чегара кызматынын каттоосунан 28-февралда өтүшкөн. Жергиликтүү 16 атуулдун коштоосу менен Акбейит аттуу жерде жарым айга чукул мергенчилик кылышкандан кийин 14-март күнү эки метрге чейин жааган кар көчкүдө калышып, америкалык бир атуул өз өлкөсүндөгү бир тууганына телефон чалып, жардам сураган. Анын кабарынан улам АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылган. Ал өтүнүчтүн негизинде куткарууга барган тик учма мергенчилерди алып кайтаарда кырсыкка кабылган.

Анткен менен бул окуя Кыргызстандын чегарасын бекемдөөгө көмөк көрсөтүү программасынын алкагында АКШнын чегара кызматы менен Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине берген чаналарды да биротоло сыноодон өткөрдү.

Кырсык болоордон эки күн мурун Атбашы районуна жөнөтүлгөн чана менен аталган программанын координатору Барри Жонсон тик учма менен анын жүргүнчүлөрүн табууга көмөк көрсөттү. Андан тышкары Коргоо министрлигинин баасы боюнча, бул окуя Кыргызстандын күч министрликтеринин күтүүсүз кырдаалдарда уюшкандык менен бирдиктүү иш алып барууга даяр экендигин аныктады.
XS
SM
MD
LG