Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Ооганстандагы шайлоо коркунуч астында


Улуттар уюмунун ооганстандык шайлоочуларды каттоо тобуна кол салуулар эларалык уюмду “өтө тынчсыздантып жатканын“ анын өкүлү Мануэл де Алмейда е Сильва бүгүн билдирди. Сильванын билдиришинче, жекшемби күнү уюмдун Пактия вилаетиндеги 5 кызматкери жашаган вилает акимине караштуу тамга чабуул жасалганда, полиция чабуулдун мизин араң кайтарган.
Улуттар уюмунун кызматкерлерине кол салуу, өкүлдүн айтымында, Ооганстанда жай айына мерчемделген жалпы элдик шайлоону үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
Президент Хамид Карзай кечээ күнү шайлоонун мөөнөтү шайлоочуларды каттоонун жүрүшүнө жараша такталаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG