Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

КӨКҮМ БИЙ ДЕГЕН КИМ ЭЛЕ?


Султанаалы Арстанбек, Бишкек XVII кылымдын баш ченинде тарыхта батымдуу изи калган Көкүм бийдин аты даңаза болгондугу көбүнесе эңгезер бойлуу Эр Эшимдин ысымы менен байланыштуу.

Кыргыздын багыш уруусунун уруу башчысы катары бийлик кумарына аралашып, өзүнүн чечкиндүү кадамдары, аракеттери аркылуу аты тарыхта калган Көкүм бий XVI кылымдын акыр ченинде тагдыр чечкен инсан болгон. Санжыралык маалыматтарда жана оозеки чыгармаларда гана эскерилбестен, казак элинин сыймыктуу уулу катары эсептелген изилдөөчү Чокан Валихановдун тарыхый маалымдамаларында да анын жасаган иштери айтылып кеткен.

1598-жылдардан 1628-жылдарга чейин казак ханы аталган эңгезер бойлуу Эр Эшимдин бийлиги жүрүп турган учурда анын эң жакын кеңешчиси катары башка кыргыз уруу башчыларына караганда ынтымагы бекем болгондуктан Ташкен айланасындагы жалпы кыргыздардын атынан казактар менен алаканы бекемдөөгө чоң салым кошкон. Кыргыздар менен биргелешип калмактарга каршы согушууда канчалаган эрдиктердин башында турган Эр Эшимдин ордо бийлигине да аралашкан Көкүм бийдин тарыхый, санжыралык маалыматтары тууралуу Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы, профессор Токторбек Өмүрбеков мындай маалыматтарын биз менен бөлүштү:

- 1598-жылы айтылуу Эшимкан хан көтөрүлгөндө, ошол хан көтөрүү аземине, курултайына казак султандарынан тышкары кыргыздын төбөсү көрүнгөн чыгаан, улуу инсандары дагы чакырылган болчу. Ошол курултайга Көкүм бий, Сарысейит, Түгөл бий жана башка кыргыздын мыкты чыгаандары катышып, ошол кыргыз, казактын ханын көтөргөн сыяктуу азем өткөн дагы, тактынын тагдырын чечүүдө булардын ролу зор болгон. Ошол кыргыз инсандарынын ичинен Көкүм бий менен Эшимкандын достугу бекем болуп, булар акыреттик достор сыяктуу болгондугу тарыхый маалыматтан даана байкалып турат. 1628-жылга чейин Эшимкан хандык бийлик жүргүзгөн жылдарда Көкүм бий анын оң колу, эң жакын кеңешчисинин ролун ойноп, хан ордосунда ордо киши катары анын кадыр-баркы абдан жогору болгон. Мынабу катагандын хан Турсуну деп коёбуз, санжырада айтылат: "Катагандын хан Турсун, хан Турсун да ант турсун" деп. Эшимкан экөө антташкан дос болуп, жакшы ынтымакта жүрүшкөн. Бирок бир жолку калмакка каршы жортуулга кеткен учурда, болжолу 1626-27-жылдар - ошондо хан Турсун чыккынчылык кылган. Мына ошол хан Турсунду жеңүүдө Эшимканга жардам көрсөткөн дал ушул Көкүм бий болуп эсептелет.

Багыш уруусунун башчысы Көкүм бийдин ордого жасаган ак кызматы үчүн өз кезегинде Таластан Ташкенге чейинки аймактардан атайын жерлер бөлүнүп берилгендиги, кан ордо болгон Ташкен калаасынын бир нече дарбазасы кыргыздарга ыйгарылгандыгы тууралуу айтымдар арбын. Көкүм бий каза болгондо Эр Эшим арбак зыйнатын жасап Ташкенге Көк күмбөз салдырган экен. Бүгүнкү күнгө чейин тарыхтан кабар берип, "Көкүм бийдин көк күмбөзү" деген ат менен аталган турушу жалпы кыргыздар үчүн сыймыктуу маалымат.
XS
SM
MD
LG