Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

ТЕГЕРАН ООГАНДЫК КАЧКЫНДАРДЫ ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТАРУУ АРАКЕТТЕРИН КӨРҮҮДӨ


Иран оогандык качкындарды үйлөрүнө кайтаруу жараянын ыкчамадатыш үчүн жаңы катаал эрежелерди киргизгени жатат. 2002-жылы оогандарды репатриациялоо программасы башталгандан бери 650 миңдей киши мекенине көчүп кеткен. Арийне Иранда калган дагы 2 миллионго чукул качкын Ооганстанга кетүүнү анча каалабай жатат.

Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын маалыматына ылайык, Иранда ушу тапта 1,7 миллионго жакын оогандык баш калкалап жүрөт. Алардын 1 миллиону “качкын” деген статус алышкан. Талиптердин режими кулагандан бери Тегеран эми качкындардын мекенине кайтып кетүүгө убакыт келди деп айта баштады.

Советтик оккупациядан, атуулдук согуш же талиптерден качып кошуна Иранга агылган оогандыктардын арасында 25 жаштагы Файзе Резаи деген келин бар. Анын үй-бүлөөсү мындан 23 илгери Ооганстанды таштап кеткен экен. Бирок Файзе маданий айырмачылыктардан улам, мекенине кайтып барууну көп эңсебейт:

- Былтыр Ооганстанга барып келдим. Мен Иранда өсүп, ооган маданиятынан алыстап калгам. Ушундан уламбы, жергиликтүү эл мени көп жакшы кабыл ала албайт. Мисалы, мен аял катары Ооганстанда өзүмдү эркин сезе албайм. Ал жерде жашаган ооган аялдары үйдө отуруп көнүп калышкан. Мен болсо жумушка барып иштейм, үйдө камалып отура албайм.

2002-жылдын апрелинде Иран, Ооганстан жана БУУнун качкындар боюнча мекемеси оогандык качкындарды ыктыярдуу түрдө үйлөрүнө кайтаруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, качкындарга көчүш үчүн унаа, бир аз тамак-аш жана акча каражат берилет. Келишимдин алкагында 650 миңден ашык оогандык мекенине кайтып кеткен. Документте 2005-жылга чейинки мөөнөт көрсөтүлгөн. Андан соң оогандыктар Иранда мыйзамдуу жашап туруу үчүн виза алууга тийиш.

Экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан Иран оогандыктардын репатриацияланышын тездетүүнү көздөйт.

Өткөн аптада Ирандын иммигранттар боюнча департаментинин директору Ахмад Хоссейни оогандарды мекенине кайтарууну ыкчамдатыш үчүн жаңы эрежелер киргизилет деп жарыялады. Жаңы жоболорго ылайык оогандыктар билим алуу үчүн акы төлөөгө тийиш. Эми алар эмгек министрлигинин атайын уруксатысыз мыйзамдуу иштей алышпайт. Мындан ары банк эсебин ачуу же турак-жайды киреге алуу үчүн да уруксат талап кылынат. Андан тышкары оогандыктар Ирандын айрым шаарларында жашай алышпайт.

Ошентип, Ооганстандын Машаддагы консулу Турияли Гиясинин сөзү менен айтканда, Ирандагы жашоо оогандар үчүн өтө кымбат болуп калат да, алар үйлөрүнө кайтып кетүүгө мажбур болот.
Бирок Гияси мекенине кеткендер Иранга кайтып келген учурлар да көп болгон дейт:

- Ооганстанга кайтып баргандан кийин көпчүлүк мектеп, жумуш, турак жай табууда көптөгөзн тоскоолдуктарга туш болот. Экономикалык кыйынчылыктардан улам балдарына, үй-бүлөөсүнө карап эле кайра Иранга кайтып келишет. Бул жерде жок дегенде курсак тойгузуп, иш, үй таба алса болот.

БУУнун качкындар боюнча комиссариатынын Тегерандагы басма сөз өклү Элен Верней эми Ооганстандагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин Ирандагы оогандыктардын көбү качкындар катары каралбай калды дейт:

- Иран өкмөтү өз айкөлдүгүн көрсөтүп, башпаана издеп келген оогандыктарды кабыл алды. Атуулдук согуш же талиптер маалында биздин мекеме аларды качкын катары баалап жүрдү. Бирок Ооганстандагы азыркы кырдаалга көз чаптырсак, Ирандагы бардык эле оогандыкты качкын деп атай албайбыз.

Верней айымдын ырастоосунда, Ооганстандын кээ бир чөлкөмдөрүндө жашоо шарт жакшырды. Ошондуктан Ирандагы оогандар мекенине кайтып барууну ойлонушу абзел.

Консул Гияси болсо Ооганстан учурда мынча сандагы репатриантты кабыл алууга даяр эмес, аларды көчүрүү бара-бара ишке ашырылууга тийиш деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG