Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

ОШТОГУ ЭРКИН ТЕЛЕКОМПАНИЯ ЖАРГА ТАКАЛДЫ


Кожогелди Култегин, Ош шаары "Азаттыкта" буга чейин маалымдалып келгендей, мамлекеттик байланыш агенттигинин чечими менен көз карандысыз "Ош ТВ" телекомпаниясынын берүүлөрү 25-марттан тартып 5-каналдан алынып салынып 23-каналга которулмак.

Берүүлөрү негизинен өзбек тилинде, анан кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүлгөн көз карандысыз "Ош ТВ" телекомпаниясын мамлекеттик байланыш агенттиги 5-каналдан 23-каналга которуу боюнча эки жыл мурда да катуу аракет көргөн. Бирок 5-каналга берилген лицензия мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу сот чечими менен кайра 5-каналда калтырылган эле. Лицензия мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 24-мартында бүтөт. "Андыктан 25-марттан баштап каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы 23-каналга өтөсүңөр" деген мамлекеттик агенттиктин көрсөтмө каты келген.

Бирок 23-каналга өтүш үчүн "Ош ТВнын" эсептөөсү боюнча 42 миң долларлык жабдуу керек. Андай каражат аларда азырынча жок. Ушундай карама-каршылыктуу жагдайларга байланыштуу айрыкча өзбек тилдүү күйөрмандар "Ош ТВнын" мамлекеттик кысымга алынбоосун талап кылып, бир нече жыйындарды өткөрүп жиберишти. Андыктан бул маселеге жергиликтүү бийликтер да аралашууга мажбур болушкан. Сөз Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Сүйүнбай Кадыровдо:

- 5-каналдан 23-каналга өтүү маселеси бул агенттикте чечилген маселе экен. Эң негизгиси - мамлекеттик коргонуу каналда турган үчүн көп жерлерде ушул жактан тоскоолдук (помеха) болот экен. Мунун тегерегинде бир аз сөздөр көбөйүп кеткенден кийин Сатыбалды Чырмашев биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев менен сүйлөшкөндө 25-майга чейин мөөнөт берди. 5-каналдан 23-каналга өткөрүү маселесин ойлонуп, тактап карап атабыз.

Жергиликтүү бийлик өкүлү айткандай "көп түкүрсө көл болот" деп 42 миң долларлык каражатты табышка мүмкүн болоор. Бирок маселенин экинчи жагы кыйыныраак - 23-каналды карапайым телевизорлор көрсөтө албайт. Айылдын көпчүлүк элинде ошондой телевизорлор. Эл айрыкча ушуга бушайман. Бул багыттагы "Ош ТВнын" маалымат программасынын редактору Зульфия Кожоеванын сөзүн тыңдайлы:

- Аябай көп эл келди бул жерге. Алардын талабы мындай болуп атат, 5-канал өзү эле кала берсин деп. "Биз 23-канал тууралуу эч нерсе билбейбиз. Себеби ал каналга өткөндөн кийин биз эч нерсе көрө албай калабыз. Биздин үйүбүздө СССР учурундагы телевизорлор" дешет.

Ал эми "Ош ТВ" телекомпаниясынын башкы директору Халил Кудайбердиев "5-каналда эч кимге тоскоол болгон эмеспиз, бул жөн гана шылтоо" дейт:

- Биз эч кимге тоскоол кылган жерибиз жок. 13 жылдан бери иштеп жатабыз. "Ош ТВ" башка каналга тоскоолдук кылганы тууралуу документ, акт же арыз деген нерсе келген жок. Мен өзүм инженер катары билем - 5-каналда иштесе болот.

Халил Кудайбердиев андан аркы сөзүн мындайча улантты:

- Эки айга мөөнөт бергени жөнүндө азыр эч кандай документ да жок.

Анын ою боюнча, 23-каналга өтүш үчүн мэр менен биринчи вице-премьер-министр сүйлөшкөн эки ай таптакыр жетишсиз. Акча топтош үчүн эле кыйла убакыт керек:

- Заводго акчаны бергенден кийин передатчикти даярдоого эле 3 ай кетет.

"Ош ТВ"нын кызматкерлери менен күйөрмандары мамлекеттик байланыш агенттиги каналдан каналга которуу жараянын мыйзамсыз жүргүзүүдө деп эсептешет. Ал тууралуу да телекомпаниянын башкы директору айтып өттү:

- "Почтолук электр байланышы жөнүндө" мыйзам деген бар. Ошонун статьяларында эгер телекомпания каналды иштетип жатканда аны башка каналга өткөрө турган болсо компенсация бериш керек. Ошон үчүн биз юристер менен да сүйлөшүп жатабыз бул жөнүндө.

Ал эми күйөрмандардын атынан Өзгөн шаар башчысы Махаматрасул Абакжанов мындай дейт:

- Бизге Өзбекстандын идеологиясы, программасынын эч кандай таасири жок. Ошондуктан бизге өзүбүздүн Кыргызстандын идеологиясы кызык, жалгыз "Ош ТВ"да 5-каналды калтыруусун суранабыз.

Акырында айтаар сөз, мамлекеттик байланыш агенттиги "ОШ ТВ"нын берүүлөрү 5-каналда мамлекеттик коргонуу канал толкунуна тоскоолдук кылганын ырасмий түрдө далилдебесе, аны жарыялап чыкпаса "Ош ТВ"нын күйөрмандары нааразылык билдирип, бул улут аралык маселе деңгээлине чыгып кетиши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG