Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

19-марттагы аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайынын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсүнө караганда, 19-20-мартта Ош, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек - Ош жолунун 120 -138, 198-260 чейинки чакырымдарында жана Каракол - Сарыжаз автожолунун 45-90 чейинки аралыктарында кар көчкү жүрүшү күтүлөт.

Метеоборборунун билдирүүсүндө 19-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +1…+6 градуска жылуу.
Баткен, Ош, Жалалабад чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +5…+10 градус жылуу болот.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Тоолуу Нарында түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз 0…+5 градуска жылыйт.
Ордо калаа Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 градус суук, күндүз +3…+5 градус жылуу.

Жаңылыктар түрмөгүн Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG