Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Жерүй алтын кенин иштетүү маселеси демократияга колдоо көрсөтүү боюнча маалымат борборунда талкууланды


ТАЛАС. Талкуу аталган борбордун демилгеси менен өткөрүлдү жана ага алтын кени жайгашкан Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлүп жаткан экологиялык багыттагы өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү, демократия жана атуулдук коом үчүн коалициясынын аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча облустук мекеменин адистери, ошондой эле Талас районунун акими Марат Кашкаралиев катышышты. Алтын кени жайгашкан айыл өкмөтүнүн эл-журтунун кенди иштетүүчү чет элдик ишкананын жетекчилерине койгон 38 талабын "Экология жер үй" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Каныбек Шүкүралиев айтып берип, ал боюнча катышып отургандар талкуу уюштурушту. Кийинки тегерек үстөл Бекмолдо айыл өкмөтүндө губернатордун катышуусу менен өткөрүлө турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG