Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Баткен облусунун Аксай жана Тажикстандын Ворух айылдарынын ортосунда нооруз майрамына арналган достук фестивалы болду


БАТКЕН. Бул салтанат Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын эки өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарын өнүктүрүү программаларынын алкагында өттү. Кошуна жашаган эки элдин достугун чыңоо максатында уюштурулган бул иш чарага жергиликтүү калктан сырткары Баткен жана Согдий облустарынын бийликтеринин, бул аймактардагы айрым эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Анда эки элдин ыр, бийлери жаңырып, кол өнүрчүлүк, улуттук тамак-аш азыктары боюнча түрдүү сынактар, спорттук мелдештер өткөрүлдү. Ушундай эле иш чара 20-мартта Лейлек району менен Тажикстандын Жалбар Расулов районунун бири-бирине чектеш жайгашкан Кулунду, Гүлхан аймактарында да өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG