Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Колин Пауэлл Иракка, Ирактан кийин Кувейтке барды


БАГДАД. Бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл алгач Иракка, андан соң Кувейтке барды. Пауэлл АКШнын Ирактагы аскерлери менен жолугушкан маалда аларга “Саддам Хусейндин режимин кулатуу менен аймакка жана дүйнөгө болгон коркунучтун тамырын кырктыңар” деген алкоо сөзүн айтты.

Кечээ Иракта Америка аскерлеринин жаңылыш аткан огунан “ал-Арабия” телекомпаниясынын эки журналистти каза тапкан. Бул окуя тууралуу жана Испаниянын аскерлеринин Ирактан чыгарылышы ыктымалдыгы тууралуу суроолорго Колин Пуэлл мындай жооп узатты:

– Террорду биз баштан кечиргенбиз. Баарыбыз күбө болгондой өңүттө ал Испанияда өтө жексур жүзүн көрсөттү. Азыр эми “кел, ага каршы күрөштү токтотолу” деп айта турган мезгил эмес. Азыр – эки эсе күч жумшап, цивилизацияга коркунуч келтиргендерге мыйзам алкагында каршы күрөшө турган мезгил. Азыр кача турган, корко турган убак эмес.

Колин Пауэлл "бул каргашалуу окуя кылдат иликтенет" деп айтканына карабай, маалымат жыйынына катышып отурган 20дай журналист нааразылык көрсөтүп, залдан чыгып кетишти.

Колин Пауэлл Ирактан кийин Кувейтке барды.

Ала арада Ирактагы согуш тууралуу пикирлер бир жактуу болбой жатат. Кечээ Польшанын президенти Александр Квасневский “Иракта көзөктүк куралдар табылбагандыктан, польшалыктар өздөрүн алданып калгандай сезип жатышат” деген пикирин айтты. Тескерисинче, бүгүн Токиодо Жапониянын премьер-министри Ирактагы жапон аскерлерин чыгарбай койо туруу керек, анткени кеңири кыргын салуучу куралдар дагы эле катылып жатышы мүмкүн деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG