Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Америка, Британия, Италиянын жүздөгөн аскерлери Косового киргизилди


ПРИШТИНА. Америка, Британия жана Италиянын жүздөгөн аскерлери сербдер менен этностук албандардын ортосундагы кандуу калабаны басуу үчүн Косового киргизилди. Британиянын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн Косового Британиянын 150 аскери жеткирилди, жакынкы күндөрдө дагы 600дөй аскер ташталмакчы. Ушунча эле сандагы аскерлерди жөнөтүү ниетин Германия дагы билдирди.

Акыркы эки күндө сербдер менен этностук албандардын кагылышуусунан бери дегенде 31 адам мерт болуп, жүздөгөн кишилер жаракат алышты. Апаатты НАТОнун бейпилдик күчтөрү да баса албай калды.

Сербия - Черногориянын тышкы иштер министри Жоран Свиланович кечээ Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө этностук албандардын кадыр-барктуу лидерлери калабаны басууга ниет кылбай жатат деп билдирди:

– Алар көчөгө чыгып, топтошкон элди зордук-зомбулукту токтотууга чакыруудан же коркуп жатышат же аны каалабай турушат. Алар бийлик көксөп жатышат. Буга чейин эле албан лидерлерине чоң бийлик берилген, бирок алар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбай жатышат.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Косовадагы Мировица шаарынан БУУнун өкүлчүлүгүн чыгарып кетүү тууралуу чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG