БЕЛГРАД. Бүгүн Белградда миңдеген адамдар Косоводогу улуттар аралык жаңжалдарга нааразылык билдирген акцияга чыгышты. Тынч мүнөздө өткөн жыйынды Сербиянын премьер-министр Воислав Коштуница башкарды. Албаниянын Белграддагы элчилигине кол салууга аракет кылган серб студенттеринин жолун полиция тосуп калды. Косовонун өзүндө болсо бүгүн абал тынч.