Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Кыргызстан канаттуулардын сасык тумоосун өткөрбөйт


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү канаттуулардын сасык тумоосунун Кыргызстанда жайылышына каршы алдын алчу чараларды көрүү тууралуу буйрук чыгарды. Ага ылайык бажыканаларда ветеринардык-карантиндик көзөмөл жүргүзүүчү пункттар түзүлүп, чет мамлекеттерден өлкөгө канаттуулардын, алардын этинин, жемининин жана канаттуулардын сасык тумоосун жугузуучу товарлардын киришине тыюу салынды. Андан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагына кирип жаткан жүргүнчүлөрдү чек арадан медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө жана оорулуу деп шектелген адамдар болсо тезинен чара көрүүгө милдеттендирилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG