Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Көмүскө экономиканын пардасы ачылабы?


БИШКЕК.Бүгүн Бишкекте «Көмүскө Кыргызстан же күнөстүү Кыргызстан» аттуу улуттук форум болду. Бишкек ишкер клубу жана экономикалык саясат институтунун демилгеси менен өткөрүлгөн форумга президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү, ишкерлер жана эл аралык адистер (эксперттер) катышышты. Анда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болгон жагдайлар менен ага каршы күрөшүү жолдору талкууланды. Форумда баяндама жасаган Каржы министрлигинин каржы полициясынын башчысы Айдар Мокеновдун айтымында, Кыргызстанда көмүскө экономика 2001-жылдан баштап күч алды. Анын өнүгүшүнө мамлекеттик кызматкерлер өздөрү кызыкдар жана бул кылмыш түрүнүн өнүгүшүнө мыйзам бузган кызматкерлердин жазасыз калганы өбөлгө болууда. Маселен, өткөн жылы көмүскө экономикалык кылмыш боюнча 69 кылмыш иши ачылган. Мыйзам боюнча айыпталгандар 3 жылдан 20 жылга чейин түрмө жазасын алышы керек. Бирок, сот аларга аз суммадагы айып пул гана салып бошотуп жатат. Президент Аскар Акаев бүгүн ишкерлердин өткөн жолугушууларга салыштырмалуу иштиктүү сунуштарды айткандыгына ыраазы экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG