Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

ТЕСТИРЛӨӨ ЫКМАСЫ КОРРУПЦИЯНЫН ТАМЫРЫН КЫРКА АЛАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча жүргүзүлө турган жалпы республикалык тестирлөө системасына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Алар бул тармактагы коррупциянын каршы багытталууда.

Быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына өтүү үчүн жүргүзүлө турган жалпы республикалык тестирлөө АКШнын ACCEL же Эларалык билим берүү кеңеши тарабынан түзүлгөн "Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмаларын үйрөтүү борбору" тарабынан жүргүзүлөт. Аталган борбордун жетекчиси Тад Драммондун айтымында, жалпысынан тестирлөө өткөрүүнүн ыкмасына олуттуу өзгөрүү киргизилген жок. Болгону быйылкы жылы "Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмаларын үйрөтүү борбору" өзүн-өзү каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу тестирлөөгө катышуу үчүн төлөй турган акчанын өлчөмү көбөйтүлдү. Маселен, буга чейин ар бир мектеп бүтүрүүчүсү тестирлөөгө катышуу үчүн 50 сом төлөсө, быйыл анын өлчөмү 150 сомго көбөйтүлдү.

Мындан сырткары мектеп бүтүрүүчүлөрү ар бир кошумча сабак боюнча сынакка катышуу үчүн дагы 60 сом төлөшү керек. Тад Драммондун айтымында, чынында тестирлөөнүн мындай ыкмасына өтүү айрыкча айылдык мектепти бүтүргөндөргө ыңгайлуу:

- Чынында мындай ыкма айрыкча айылдык балдар үчүн бир кыйла эле арзан. Анткени биз тестирлөөнү Кыргызстандын ар бир район борборлорунда өткөрөбүз. Демек, айылдык балдар мурагыдай жогорку окуу жайларына сынактан өтүү үчүн Бишкекке келишпейт. Маселен, Алай же Чоң Алай мектептеринин бүтүрүүчүлөрү өздөрү каалаган окуу жайларына өз жеринен эле сынактан өтө алышат. Ошондой эле биз тестирлөөнүн жыйынтыгын да жеринде угузабыз.

Тад Драммонддун айтымында, быйыл мектеп окуучуларынын тестирлөөгө катышуу системасына да айрым өзгөчөлүктөр киргизилди. Маселен, мектеп бүтүрүүлөрү жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн 14-марттан 9-апрелге чейин өздөрү окуган мектептеги тестирлөө борборунун өкүлчүлүгүнөн кайсыл окуу жайына тапшыра тургандыгы жөнүндө атайын каттодон өтүүсү зарыл. Ошол эле жерден мектепти буга чейин бүтүргөн улан, кыздар да каттоодон өтө алышат. Республикалык тестирлөө быйыл 24-майдан 30-майга чейин өткөрүлөт. Сынактын жыйынтыгы эки аптанын ичинде белгилүү болот.

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, үстүбүздөгү жылы жогорку окуу жайларындагы бюджеттик орундарга өлкө боюнча 5 миң 255 студент кабыл алынат. Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмаларын үйрөтүү борборунун жетекчиси Тад Драммон ошондой эле тестирлөө өткөнгө чейин борбордун кызматкерлери республиканын ар бир облус, шаар, айылдарындагы мектептердин жетекчилиги менен сүйлөшүп, мектеп окуучуларына кантип тестирлөөдөн өтүү тууралуу китепчелерди тараткандыгын кошумчалады. "Тестирлөө жогорку окуу жайларындагы паракорлукту жана коррупцияны азайтууга өбөлгө түзөбү?" деген суроого Тад Драммонд мындайча жооп берди:

- Билим берүүнү баалоо жана окутуу борбору Эларалык билим берүү кеңеши же ACCEL тарабынан түзүлдү. Ал эми ACCEL АКШ өкмөтү тарабынан каржыланат. Ошондой эле тестирлөөнү өткөрүүчү адистер кылдаттык менен тандалып алынат. Сынакты өткөрүүдөн мурда биз аларды жетишээрлик даярдыктан өткөрөбүз. Ошондуктан мындай көз каранды эмес уюм келечекте да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, элдин ишенимине ээ болуш үчүн эч кандай паракорлукка жол бербөөгө аракет жасайт. Эгерде биздин кызматкерлер кандайдыр бир маалыматты жарыялап жиберсе, аларга эң катаал чара көрүлөт.
XS
SM
MD
LG