Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Кыргызстандык укук коргоочулар Венада пикет өткөрдү


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча кыргыз комитети кечээ (18-мартта) Австриянын борбору Вена шаарында Аксы окуясынын эки жылдыгына арналган пикет уюштурду. Комитеттин эл аралык уюмдардагы координатору Алмаз Дырылдаевден бүгүн алынган маалыматка караганда, пикет Австриянын Ички иштер министрлигинин уруксааты менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун апталык жыйыны өтүүчү Хофбург сарайынын алдында өттү. Ага Кыргызстандын 10 атуулу, Түркмөнстан, Тажикстан, Орусия, Чеченстандын атуулдары жана адам укуктары боюнча Хелсинки федерациясынын өкүлү катышты. Пикетте абакта жаткан оппозициялык саясатчы Феликс Куловду боштондукка чыгаруу талабынан тышкары, ЕККУнун Аксы окуясына саясий жана укуктук баа берүүсү тууралуу, ошондой эле Аксы каргашасына түрткү болгон тийешелүү жетекчилердин жазаланышына жана Рамазан Дырылдаев башында турган адам укугун коргоо комитетинин кайрадан расмий түрдө катталышына жетишүү үчүн расмий Бишкекке таасир көрсөтүү жөнүндөгү талаптар коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG