Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Экология министрлигинин тикучагы коммерциялык максатты көздөгөнбү?


БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Атбашы районунда мергенчилерди куткарууга барып кыйроого учураган Ми-8 МТВ тикучагы коммерциялык максатта колдонулган жокпу? Анын кыйрашына техникалык ченеминен алда канча көп, оор жүк салынганы себеп болушу мүмкүн. Бул иш тууралуу республиканын башкы прокуратурасы натыйжалуу жыйынтык чыгарышы керек. Мындай сунушун бүгүн депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын мамлекеттин коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда билдирди. Ал эми Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Болот Айдыралиев министрликке караштуу тикучак коммерциялык максатта эмес, кырсыкка учураган мергенчилерди куткаруу максатында гана жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, тикучактын кыйроо себептерин Москвадан келген адистер да изилдеп жатат.

XS
SM
MD
LG