Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКА КҮНӨСКӨ ЧЫГАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бүгүн Бишкекте ишкерлер көмүскө экономиканын күңгөй-тескейи тууралуу форум өткөрүштү. «Көмүскө Кыргызстан - күнөстүү KG» деген ат менен өткөн бул жыйынга мамлекет башчы Аскар Акаев жана кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү катышты.

Кыргызстандагы көмүскө экономиканын деңгээлин вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев белгилегендей, так айтыш кыйын. Айрым байкоочулардын баамында анын өлчөмү 50%га чейин жетиши ыктымал. Ал эми каржы министринин орун басары Медет Исмаиловдун байкоосуна караганда, көмүскө экономика Кыргызстандын экономикасынын 30% түзөт. Кеп анын деңгээлинде эмес дешет адистер, ал эми ишкерлерди көмүскө иштөөгө түртүп аткан жагдайларда.

Форумга катышкан ишкерлер көмүскө экономиканын бир нече себебине токтолушту. Салык жүгүнүн оордугу, ар кыл текшерүүчү, көзөмөлдөөчү органдардын көптүгү жана алардын бөрк ал десе баш алганга шыктуулугу жана мамлекеттик органдардагы коррупция. Баса, каржы министрлигинин алдындагы полицияны жетектеген Айдар Мокеновдун маалыматы кызыктуу болду. Анын пикиринде көмүскө экономиканын гүлдөшүнө паракор чиновниктер да өз салымын кошууда. Маалыматтарга караганда былтыр мамлекеттик 69 кызматкерге ишкерлерден пара алгандыгы үчүн кылмыш иши козголгон. Анын ичинде 24 салык кызматкери, 3 бажы кызматкери, 42си башка мамлекеттик органдарда иштегендер болгон.

Айдар Мокеновдун айтымында, соңку 5 жылда канчалаган паракор чиновниктерге кылмыш иши козголгону менен бири да өз жазасын алган эмес. Баса, адатта булар мыйзам чегинде 3 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек.

Айдар Мокенов бир окуяны мисал кылды. Пара алган салык кызматкерине сот 10 миң сом айып таккан. Каржы полициясы жок дегенде бир мамлекеттик кызматкер камалганда башкаларга сабак болмок деген пикирде.

Бирок бул ойго айрым ишкерлер каршы чыкты. "Шоронун" жетекчиси Табылды Эгембердиев мындай чиновниктерди камап отурсак, түрмөлөргө батпай каларын айтып андан көрө 100 миң, 200 миңдей чоң өлчөмдөгү айыппул салууну кеңеш кылды.

Казакстандан келген эксперт Булат Хусаинов дүйнөлүк тажрыйбада көмүскө бизнес салык жүгүнөн келип чыгаарын белгиледи. Бирок анын айтымында Казакстан ишкерлеринин эң башкы баш оорусу текшерүүчү көзөмөлдөөчү болуп, ар өңүттөгү бирин бири кайталаган органдардын көптүгү.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, ишкерлер менен мамлекет тил табыша алышат жана кол кармашып иштегенге даяр. Анын сөзү боюнча, азыр өкмөт бир да чечимди бизнес чөйрөсү менен кеңешпейт туруп кабыл ала элек.

Ушул өңдүү жыйындарды өткөрүп, мамлекеттик бийликке басым жасап, ой-сунуштарды айткыла деп биз өзүбүз демилгечи болуп атабыз дейт ал. Анын айтымында, көмүскө жашап аткандардын айынан казына миллиондогон каражаттан кур калууда.

- Мен бир-эки мисал келтирейин. Мисалы, "Дордой" өңдүү базарларда жалпы соода көлөмү 1 миллиард доллардын тегерегниде болсо, 3 миллион доллардай салык төлөшүүдө. Ал эми Ысыккөлдүн жээгиндеги курорттук сезондо 2 ай ичинде эле 100 миллион доллар түшсө, анын 1% гана салыкка төгүлүүдө. Анан бул жакшыбы же жаманбы?

Кыргызстанда салык жүгүнүн оордугун далай ишкерлер көтөрө албай калууда. Бир сөз менен айтканда, мамлекет ишкерлерди муунтуп атканын ишкерлер бул жыйында деле ачык айтышты. Ушул кырдаалдан чогуу бир жол табууга кадам таштоо кажетин айтат "Кыргызконцепт" компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев:

- Буга чейинки мыйзамдарда ишкерликке тоскоолдуктар болду. Азыркыга чейин ишкерликти тушаган нормалар жоюула элек. Мамлекет бизди муунткан үчүн мына бүгүнкүдөй жыйындарды уюштуруп, өзүбүз да аракет жасап атабыз. Отура бербей, жаңы мыйзамдарды сунуш кылып, ой бөлүшүп жол издейли деген тилек.

Талкууну бир топко чейин тыңшап отурган Аскар Акаев ишкерлерге ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, мурда байкалгандай бир жактуу жана жалпы дооматтардан качып, ишкерлер конструктивдүү негиздүү баарлашууга даярдыгын көрсөтүштү. Президент Аскар Акаев бирине-бирине каршы келген толгон токой толуктоо-кошумча киргизилген салык кодекси салык жана бажы кызматкерлеринин коррупциялык иштерине жылчык болуп атканын билдирди. Аскар Акаевдин оюнда кайра баштан аяк иштелип чыккан, тазаланган, таразаланган жаңы Салык кодекси керек болуп турат.

XS
SM
MD
LG