Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

ИРАК СОГУШУНА БИР ЖЫЛ: КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Өткөн жылы 20-мартта таңга жуук АКШ менен Англия аскерлери Иракка чабуул баштаган. Бул согуш дүйнө жүзүн экиге бөлгөндөй эле Кыргызстанда да эки ача пикирди пайда кылган. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги адегенде согушка каршы чыккан Франция, Германия жана Орусиянын позициясын колдоп, Бириккен улуттар уюмунун чечимисиз согуштун башталганына кабатырланганын билдирген.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов андай түзмө-түз каршылыкты кандайдыр бир деңгээлде жайкаган билдирүүнү апрель айында АКШнын ошол кездеги элчиси Жон О Киф менен биргеликте өткөрүлгөн маалымат жыйынында жасаган. Андан кийин министрлик Иракка байланыштуу эч кандай билдирүү менен чыккан эмес. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лира Сабырованын маалымдоосуна караганда, Кыргызстан Ирактагы кырдаалга көз салып, иликтеп турат.

Ирак согушунун Улуттар Уюмунун уруксатысыз башталганын айыптаган билдирүүнү өткөн жылы парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны да кабыл алган. Андан сырткары Бишкектин «Алатоо» аянтында Ирак согушуна каршы 2 миңден ашуун адамдын катышуусу менен митинг өткөрүлгөн. Согушка карата ачык каршылык менен катар аны колдогон күчтөр да болгон.

Согуштук аракеттин башталганынан бери бир жыл өтсө да ага карата кыргыз коомчулугунда эки жактуу пикир сакталууда. Маселен, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов Ирактагы операцияны жактап, ирактыктардын өздөрү да келечекте жапон жана немис элиндей эле АКШнын аракетине ыраазы болот деген ойдо:

- Азыр жапон, немис эли АКШнын элинин алдында өзүн милдеттүү сезип, кезинде берилген жардамды жогору баалагандай эле Ирак эли дагы келечекте АКШнын азыркы аракетин жогору баалайт деп ишенем.

Ал эми Ирак согушуна каршы Бишкекте чоң митингилердин уюштуруучусу - «Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын" ассоцациясынын башчысы Токтайым Үмөталиева мурунку оюнда турганын билдирди:

- Биздин согушка карата пикирибиз өзгөргөн жок. Согуштун айынан адамзаттын цивилизациянын бешиги болгон Ирактагы китепканалар, маданий мурастар талкаланды. Ал эми массалык кыргын салуучу куралдар табылган жок.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев Ирак согушу тууралуу өз оюнда калганын кабарлады:

- Ирактагы диктатуралык режимди колдобогонум менен сырттан күч колдонуу менен мамлекеттик системаны өзгөртүп, бийликти алмаштырууну былтыр эле айыптаганмын, ал оюмда бүгүн да турам.

Анын пикиринде, АКШнын Ирак саясатындагы жаңылыштыгы - Вашингтон түзгөн коалициянын ыдырай башташы менен өзгөчө ачык боло баштады. Испаниянын Ирактан аскерин чыгаруу аракети, Польшанын өз көз карашын кайра карап көрүү аракети муну тастыктоодо.

Ал эми өлкөнүн мурунку Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев Ирак согушу эларалык коомчулуктун арасында карама-каршылыкты тереңдетүүсү менен коркунучтуу болууда деген ойдо:

- Эгерде бул согуш терроризмге каршы күрөш болсо- менин оюмча керек нерсе. Бирок менин пикиримде, анын ыкмалары туура эмес болуп жатат. Анткени согуш дүйнөнүн мусулман өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде маалымат жана саясат жагынан жаман өзгөрүштөргө алып барып, Америкага каршы пикирди, өзгөчө мусулман өлкөлөрүндө күчөтүп жатат.

Анын айтымында, Иракта массалык кыргын салуучу куралдын табылбагандыгынын таасири келечекте батыш өлкөлөрүнө таасири чоң болот.

Жергиликтүү эксперттердин пикиринде, Ирак согушу Ооганстандагы антитеррордук операциядагыдай Кыргызстанга олуттуу таасирин тийгизген жок. Белгилүү болгондой Ооган жергесинде операция жүргүзүү максатында АКШ баш болгон антитеррордук коалиция "Манас" аба майданына аскер жайгаштырып, бул өз кезегинде 2000-жылдагы шайлоодон кийин начарлаган Кыргызстан менен АКШ баш болгон батыш мамлекеттеринин мамилесин жакшыртууга алып келген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG