Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

НАТО Косового көзөмөлдү күчөттү


ПРИШТИНА. НАТО уюмунун жетекчилиги Косоводогу зордук-зомбулукту токтотуу чараларын көрүү өтүнүчү менен албан лидерлерине кайрылды. Сербдер менен албандар кагылышынан акыркы күндөрү 31 киши набыт болуп, 500дөн ашык киши жаракат алды. Косоводо коопсуздукту сактоо максатында НАТО өзүнүн күчтөрүнө дагы 2 миң аскер кызматчысын кошумча жиберди. Буга чейин алардын саны 18 миң болчу.
Германиянын коргоо министри Питер Страктын айтымында, аскер күчтөрүн көбөйтүү Косоводогу зомбулукту чектейт:

- Немистердин КФОР кызматындагы аскерий курамын Косоводо көбөйтүү кырдаалды тынчытаарынан үмүтүм бар. Албандар менен сербдердин бул кагылышуусунан кийин (биз бир нече ай мурда үмүт кылгандай) дароо тынчыбасын көрүп турабыз.

Косоводо бүгүн серб премьер-министри Воислав Коштуница баштаган миңдеген демонстранттар сербдерди колдоп көчөгө чыгышты. Албаниялык студенттер албандарга көз карандысыздык берүү талабын коюп, акция өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG