Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Нооруз майрамы алдындагы салтанатта Ооганстанда төрт адам каза тапты


МАЗАРИ-ШАРИФ. Ооганстандын мамлекеттик агенттигинин кабарына караганда, Нооруз алдындагы майрам учурунда Мазари-Шарифте төрт адам каза таап, сексендей киши жаракат алды. Кечээ Нооруз алдындагы салтанатка миллионго жакын адам катышкан. Кырсык Мухаммед пайгамбардын тууганы делген кишини көрөбүз деп, он миңдеген кишилер топтошкон жерде болду. Каза тапкандар төө бастыда калышкан.
Эртең Нооруз Ооганстан, Иран, Түркия жана Борбор Азия мамлекеттеринде майрамдалат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG