Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Кадамжайдагы сүйлөшүү аяктады


БАТКЕН. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын аныктоо боюнча эксперттердин кезектеги отурумунда Баткен району менен Өзбекстандын Сох районунун ортосундагы чек ара каралып, эки тарап бул аймактагы 7,6 чакырым боюнча бир пикирге келишти. Мындай маалымат облус губернаторунун отурумга катышкан орун басары Шадыбек Бакыбековдон 20-мартта алынды. Баткен облусу Өзбекстандын алты району менен чектешип, андагы мамлекеттик чек аранын узундугу 374,3 чакырым аралыкты түзөт. Анын ичинен 232 чакырым макулдашылып, пленардык кеңешмеде 204,5 чакырым бекитилген. Ал эми кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1200 чакырымды түзөт. Эки тарап буга чейин анын 654 чакырымы боюнча бир пикирге келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG