Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Нарын шаарындагы №4 тергөө абагындагы адамдар өз денелерин жаралап, нааразылык билдиришти


НАРЫН. Юстиция министрлигинин жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыгынын Нарын шаарындагы №4 тергөө абагындагы отузга жакын адамга дарыгерлер кечээ түнү тез жардам көрсөтүштү. Буга тергөө абагындагы адамдардын нааразылык билдирүү иретинде өз денелерин кескилеши себеп болду. Кылмышка шектүү деп кармалган адамдар андан тышкары өз абактарынын эшиктерин бузуп чыгып, топтошуп алып тергөө абагындагы кыйын кырдаалга нааразылык билдиришкен. №4 тергөө абагынын жетекчилигинен 20-мартта толук маалымат алууга жол берилген жок. Ушул эле күнү абактагы бир адам каза болду деген маалымат пайда болду. Бирок, абактын жетекчиси Каныбек Бузукеев эч ким каза болбогондугун, абакта нааразылыктардын болушу көнүмүш көрүнүш экендигин жана тамак-аш менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG