Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

Баян Жумакадыр кызы, Прага 20-мартта Ирактагы согуштун башталганына бир жыл толду. АКШ жетектеген антитеррордук коалиция баштаган бул согуш дүйнө коомчулугунда терең жик салган талаштуу маселе болуп кала берүүдө.

Ирак согушунун бир жылдыгы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө согушка каршы демонстрациялар жана митингдер менен белгиленип жатат. Демонстрациялар Австралиянын, Түштүк Кореянын шаарларында жана Токиодо болгондугу кабарланды. Ири манифестациялар Лондондо, Мадридде жана Римде өткөрүлдү. Согушка каршы демонстрациялар АКШнын өзүндө да өткөөрү күтүлүп жатат.

Вашингтон менен Лондондун Иракка басып кирүү чечимине мындан бир жыл мурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү тикесинен тик туруп, каршы чыккан эле. Каршыгуу канчалык катуу болгонун эскерүү үчүн мындан бир жыл мурда орун алган талаш-тартыштарды эстесек. АКШ менен Британия 200 миң солдатын Кувейтте топтоп, Иракка бүгүн-эртең басып кире турган болуп турган чакта Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Виллепин Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп, Иракты куралсыздандыруу үчүн Иракка каршы согуш ачуудан көрө Улуттар Уюмунун курал инспекторлорунун ырааттуу иши толук жетиштүү боло турганын мындайча түшүндүргөн:

- Инспекторлордун иши Иракты куралсыздандырууга күн санап жакындатууга мүмкүндүк берет. Биз тандообузда турган эки нерсенин - кайсынысы тезирээк жана коопсузураак болот деген суроо койгонубуз оң.

Бирок Коопсуздук кеңешинин ошол эле жыйынында сүйлөгөн АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракты курал инспектолору менен жетиштүү түрдө кызматташпай жатат деп айыптап, Коопсуздук кеңешин мындан тийешелүү тыянак чыгарганга үндөгөн.

Согушка тикесинен тик туруп каршы болгон өлкөлөр азыр Ирактын коопсуздугун камсыздоо вазыйпасын НАТОго же Улуттар Уюмуна өткөрүп берүүгө үндөп жатышат. Ырасмий Париж мындай кадам жүйөлүү боло турганын айтса, Берлин андай чечим кабыл алынган күнү да өз аскерлерин Иракка жибербей турганын эскертет. Россия менен араб өлкөлөрү Ирак маселесин Улуттар Уюмунун алкагында гана чечүүнү талап кылып келатышат.

Бирок эки ортодогу пикир келишпестиктерге карабастан, дүйнө коомчулугу согуштун жыйынтыгын кабыл алууга эрксизден мажбур болгон. Буга Коопсуздук кеңешинин өткөн жылдын октябрь айында АКШ иштеп чыккан резолюциянын кабыл алышы айгине. Резолюцияда Ирактагы бийликти акырындап ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү жана өлкөдөгү бейпилдикти эларалык коомчулуктун катышуусу менен калыбына келтирүү каралган. Бирок болору-болуп, бойосу канган соң кабыл алынган бул резолюцияны Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн Ирак элинин кызыкчылыгын баарынан жогору койгондугунун белгиси катары сыпаттаган:

- Биздин орток максат - Иракта тынчтыкты калыбына келтирүү, Иракты көз карандысыз, демократиялуу өлкө кылуу.

Октябрь айында кабыл алынган резолюцияга ылайык Ирактагы бийлик ушул жылдын ортосунда ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Бир катар маалымат каражаттарынын жакында жүргүзгөн сурамжылоосу АКШ аскерлеринин Иракка басып кирген кезинде көпчүлүк ирактыктар колдоп чыкканы менен чет элдик аскерлердин өлкөдө узакка кала берүүсүнө азыр элдин көпчүлүгү каршы экенин көрсөттү.
XS
SM
MD
LG