Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

СҮМӨЛӨК


Кезек "Бабалардын мурасы" түрмөгүбүздө. Байыркы майрам Ноорузга карата даярдалган жана арналган тамактардын ичинен өтө сыйлуусу, өзгөчө ширелүүсү cүмөлөк менен чоң көжө болгон. Азыркы тапта Ноорузду тозуу үчүн буудай өндүрүлүп сүмөлөктү даярдоо камылгалары көрүлүүдө. Абалкы сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө эл ичинде ар кандай уламалар айтылып, ырлар ырдалып келет.

Байыртан эле ар бир кыргыз улуу майрам Ноорузду зарыга күтүшкөн. Эң бир даамдуу, эң бир сыйлуу тамак-аштарын да Ноорузга арнашкан. Алардын ичинен өтө сыйлуусу сүмөлөк менен Чоң көжө болгон. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө эл ичинде: "Илгерки өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичин өлүм-житим аралайт. Жумурай журттун айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын жаактары басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Алар ары ойлонушат, бери ойлонушат. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир бүтүмгө келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын жана башкаларын чогултушат. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей көпчүлүктөн жыйналган тамак-аш казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылып, казан асылат. Ал кайнайын деп калган маалда кызыл чиедей жаш тогуз баласын ээрчиткен жесир аял келет. Ал от жагып отурган аялдарга көзүнүн жашын көлдөтө төгүп: "Айланайын журтум, казаныңарга кошоор эчтемем жок. Мына бул тогуз жумалык таштан башка эч нерсе таппадым. Жок дегенде алар тогуз балама ырыскы болуп кошо бышсын", - деп жүз аарчысына ороп келген таштарын таптаза жууп - "Бисмиллахир рахмани рахим, жараткан Алла таалам калайык калкыма токчулук менен бейпилчиликти алып келсин", - деп казанга салат.

Казан бороктоп кайнай баштайт. Ак элечектүү байбичелер казанды аралаштырган сайын: - Айланайын кудай, ушул көктөм элибизге токчулук менен бак-таалай алып келсин, журтубуз ачкачылыктан кыйналып кетти, мол түшүмдүн, берекенин, ден-соолуктун жылы болсун, - дешип Алла талаадан суранышат. Табы менен от жагылып, казан бүлкүлдөп кайнай берет. Курсактары ачып, чаалыккан балдардын алды кыңылдап ыйлап жатып уйкуга кетет. Казанды таң аппак атканча кайнатышат. Ага салынган ар түркүн нерселердин буруксуган жыты каңылжарды жарат. Алар эң бир таттуу, эң бир жегиликтүү, эң бир даамдуу, күл азык шекилдүү бышат. Ал жакшылап демделип, суугандан кийин идиштерге салынат. Аны жаш, кары дебей сөөмөйлөрү менен илип жешет. Ал бир айга жетет. Калк ачарчылыктан аман калат. Андай ширелүү, күл азыктуу, касиеттүү тамакты эл сүмөлөк деп аташат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп, жаз жакшы болот. Эгин өмүрүндө болуп көрбөгөндөй чыгат. Мол түшүм алынат. Калк токчулукка белчесинен батат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин ата-бабаларды ачарчылыктын апатынан аман сактап калган касиеттүү сүмөлөк ыйык тамак аталат. Кийин ал бара-бара жаңы жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат. Бүгүнкү күндө сүмөлөк кадакт алып өндрүлүп жанчылган буудайдын, ун, мейиз, өрүк жана башка тамак-аштардан кайнатылып жасалат.

Калк арасына болсо "Сүмөлөк" аттуу элдик ыр тарайт. Аткаруучу ырчы Самат Көчөрбаев:

Ар дастаркон түрлөнөт,
Аштын куту сүмөлөк.
Жашыл майса жараткан
Жаздын куту сүмөлөк
Кайырма:
Кайнап борк-борк сүмөлөк,
Казан тынбай көөлөнөт.
Кырк эки таш шыгырайт,
Кыйырга нур үбөлөп

Берекени үймөлөп,
Баардык киши күүлөнөт,
Бапыраган токчулук
Баштын куту сүмөлөк
Кайырма:
"Ак терекпи? "Көк терек"?
"Ак чөлмөк" ойнош төп келет.
"Өлөң айтыш", "Селкинчек"
Өңгөлөргө көп керек.
Кайырма:
Кыз куушмай, эңиш, көкбөрү.
Кыргыз салты сүмөлөк.
Кыз көчүрмөй, эр сайыш,
Кызык "жар-жар" козголот.
Кайырма:
Ырыска сооп үймөлөп
Ыйык оокат сүмөлөк
Ар бир үйдө дастаркон
Ажайып көп түрлөнөт.
Кайырма.
XS
SM
MD
LG