Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

ИШЕНБАЙ АБДУРАЗАКОВ: "ИРАККА СОГУШ АЧУУНУН СЕБЕБИ ДАЛИЛДЕНБЕЙ КАЛДЫ..."


Ирак согушу дүйнө коомчулугунда карама-каршы пикирлерди жаратканы белгилүү. Мурда бар делип келген массалык кыргын салуучу куралдардын табылбашы согуштун адилет башталганына күмөндү ого бетер күчөттү. Мына ушул чатактын оош-кыйыштары тууралуу кабарчыбыз өлкөнүн мурунку мамлекеттик катчысы, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаковго бир нече суроолор менен кайрылган эле.

- Ишенбай Абдуразакович, биздин сизге алгачкы сурообуз мындай: Ирак согушунун башталганына мына бир жыл болду. Ал чатакка карата мына ушул мезгилдин ичинде сиздин пикириңиз өзгөрдүбү?

- Өзгөрдү десем болот. Себеби америкалыктар согуштун ачылышында «Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары бар. Аны жок кылгыла деп Багдадка айтсак көгөрүп көнбөй жатат» деп айткан эле. Ал - согуш ачуу үчүн себеп болгон. Иракта ошондой курал болсо - анда айла жок дегендей пикирде жүргөнмүн. Кийин анын баары туура эмес болуп чыкпадыбы. Ошондуктан бул согуштун ачылышынын биринчи себеби туура эмес болуп чыкты. Экинчиден, башка өлкөлөрдүн режимдери жакпай калса, аны согуш жолу менен эмес, башка жол менен тартипке салса туура болмок. Андай режимди согуш менен басып алып өзгөртөбүз деген бул көп курмандыкка алып келе турган нерсе. Муну биз Ирактан көрүп атабыз. Ошондуктан, бир жылдан кийин жалпылап айта турган нерсе, бул - себепсиз ачылган согуш болуп калды.

- Согуштун себеби тууралуу кеп баштадыңыз. Мына ушул чатак башталаарда - анын себеби мунай деп айтылган эле. Буга кандай карайсыз?

- Эми мунай үчүн дегендин да негизи бар. Бирок мунайды согуш ачпай эле алса да болот эле да. Мисалы, эң көп мунай кору бар Сауд Аравиясы менен америкалыктардын мамилеси жакшы эле болуп жатпайбы. Андан сырткары Перс булуңундагы бардык мамлекеттер соодалашып эле мунайды сатып жатпайбы. Менин оюмча, бул - негизги себеп болгон эмес. Мындан сырткары согуштун башталышын түшүндүргөн дагы бир ой болгон. Ал кээ бир мамлекеттердин түрткүсү менен болгон деген ойлор, мен бул жерде ал кайсы мамлекет экенин айтпай эле койоюн. Ал өлкө тегеректеги мамлекеттер ичинен эң эле коркунучтуу душман катары Ирак жана Саддам Хусейинди көргөн. Эгерде Ирак массалык кыргын салчу куралга ээ болсо түздөн-түз коркунуч туудуруп, тегеректеги араб өлкөлөрүн колдонуп, абалды өзгөртүп жиберет деп шектенген. Мына ошондуктан ал өлкө америкалыктарга жалган маалымат берип, аны согушка түртүп жиберди деген да сөз болгон. Эми муну чындык деп айтыш кыйын. Себеби колуңда далилиң болбой туруп, кесе айтыш кыйын. Биз бир божомолду гана айтып жатабыз.

- Саддам Хусейнге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн коалиция ыдырай баштады. Маселен, Испаниядагы шайлоодон кийин өлкөнүн жаңы бийлиги Ирактан Испан аскерлерин чыгара тургандыгын билдирүүдө. Европадагы АКШнын пикирлештеринин бири Польша да бул маселеге карата көз карашын кайра карап көрөрүн айтууда. Бул ыдыроо Иракка каршы чабуулдун демилгечилери АКШ менен Англияга кандай таасир этиши ыктымал?

- Мунун таасири болот. Мен адегенде айткандай согуштун себеби далилденбей калды. «Биз Ирактын массалык кыргын салуучу куралын жок кылуу үчүн баратабыз» дегенде Америка эли да, дүйнө өлкөлөрү да коалицияны колдогон. Бирок ал далилденбей калгандан кийин, Американын ал жерге эмне максатта барганы шектенүүнү пайда кылды, бул - биринчиден. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулук да суроо бере баштады, «бизди массалык курал бар деп ишендирди эле, ал туура эмес болуп чыкты, эми эмне үчүн колдошубуз керек" деген суроо чыгып жатат. Үчүнчүдөн, террордон көпчүлүк эл коркот. Мына бу Испаниядагыдай террордук чабуул жасалса эмне болот деп, мурда баштаган ишинен көп өлкөлөр баш тартышы мүмкүн. Бирок кандай масштабда баш тартат. Жиберген аскерлерин чакырып алабы, же болбосо башка чара көрөбү? Аны айтыш кыйын. Кандай болгондо да америкалыктардын бул согушту аягына чыгарууга күчү жетет.Бирок эларалык колдоо болбосо - анын америкалыктар үчүн моралдык зыяны көп болот.

- Иракта жакын арада тынчтык орноп, туруктуулук болобу?

- Туруктуулук болобу-болбойбу деген маселеге келсек, аны болот деп айтыш да кыйын. Себеби ал жерде абал татаал. Шииттер менен суниттер ортосунда, арабдар менен күрттөр ортосунда, америкалыктар менен аларга каршылардын ортосунда келишпестиктер көпкө чейин созулушу ыктымал. Бул - биринчиден. Экинчиден, мындай согуш кээде терроризмдин күчөшүнө алып келет. Буга Испаниядагы окуя далил. Жалпысынан алганда, эларалык катнашта маселени күчкө салып чечүү - бул туура эмес ыкма. Күч колдонгон жерде - күч менен каршылык көрсөтүлөт.

- Биздин суроолорго жооп бергениңиз үчүн ырахмат. Саламатта болуңуз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG