Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Ирак мамлекетинин убактылуу Конституциясы марттын башында кабыл алынганы менен анын айланасындагы талкуунун аягы сууй элек. Эми талдоочулар жаңы башмыйзамдын иштөө мүмкүнчүлүгүнө сереп салышууда. Убактылуу документ иш жүзүндө келерки жылы кабыл алынаары күтүлүп жаткан Конституцияга негиз болуп бериши керек. Бирок ага убактылуу Конституциянын кудурети жетеби?

Убактылуу Конституцияда кыйла өлкөлөрдүн башмыйзамдарынын таасири бар экенин серепчилер ага кол коюлаары менен дароо эле жазып чыгышты. Пикирлерге караганда, айрым жоболор Түштүк Африкадагы апартеиддерге каршы күрөшкө же Чыгыш Европадагы посткоммунисттик өлкөлөрдүн кайра курулушуна багытталган мыйзамдардан алынган түрү бар. Бирок Нью-Йорктогу Колумбия университетинин окумуштуусу Самуэл Иссакароффтун пикирине караганда, мыйзам жазууда бири-бирин тууроо боло берет, бирок бул - дайыма эле өзүн актабайт.

- Бул мыйзамдын авторлору чынында эле дүйнөгө кеңири байкоо жүргүзүшүптүр, - дейт окумуштуу, - Маселен, саясий укуктарга, биригүү эркиндиктерине, саламаттыкты сактоо укуктарына берилген кепилдиктер, дагы башка кыйла көз карандысыздыктарды кепилдеген шарттар Түштүк Африканын Конституциясынан алынган түрү бар.

Бирок Ирактын убактылуу документин даярдаган авторлордун аракети сындаганга караганда, кубаттоого көбүрөөк арзыйт жана анын тыянагын олжолуу иш катары бааласа жарашат. Анткени Ирак өкмөтү бийликти толук колуна ала элек бүгүнкү шартта бул документ саясий жана диний чөйрөдө колдоо таап отурат.

Ирактын убактылуу Конституциясын башкаруу кеңеши узак талаш-тартыштан кийин 8-мартта кабыл алган. Талаштын негизин шариат мыйзамдарына, күрт аймактарына жана аялдардын укуктарына байланышкан өңүттөрү түзгөн. Убактылуу башмыйзам туруктуу Конституция кабыл алынганга чейин Ирак өкмөтү таяна турган башкы документ болот.

Иссакарофф мисалга тарткан Түштүк Африканын Конституциясы апартеидден кийинки 1990-жылдары расалык жана улуттар аралык мамилелерди жөнгө салууда, социалдык жана жеке укуктарды коргоодо өз өлкөсүнө олуттуу кызмат өтөгөн. Муну үлгү кылып алуунун пайдасы гана тийет деп ойлойт окумуштуу.

Убактылуу документтен ошондой эле постсоветтик өлкөлөрдүн мыйзамдарынын айрым көз карандысыз сот системасын орнотуу өңдүү жоболорунун өңүттөрүн да байкоого болот. Сот бийлигин күчтөндүрүү аракети Чыгыш Европадагы жана Борбор Азиядагы пост-советтик өлкөлөрдүн дээрлик бардыгынын баш мыйзамдарында бар. Ал эми фундаменталдык укуктарга байланышкан жоболор Американын мыйзамдарын да элестетет:

Иссакароффтун айтымында: - Кызыктуу жагдайлардын дагы бири – ирактыктар америкалыктарча Конституциясына шектүү адамдын камалаар алдындагы адвокат жалдоо өңдүү кыйла укуктарын да киргизишкен. Менин билишимче, АКШ гана ушундай жобону пайдаланат.

Ушул өңдүү жагдайларды Американын таасири катары кабылдагандар да, документтин АКШнын тикелей таасири менен даярдалгандыгына терең ишенгендер да аз эмес. Бирок мындай пикирлерди убактылуу Конституциянын мурдагы эксперттери Ноа Фельдман колдобойт. Анын оюна караганда, эгер документ америкалыктар каалагандай жазылса, Иракта колдоо таппай калмак. Ошондуктан, авторлор өздөрү да толук көз карандысыз даярдоого кызыкдар болушту:

- Ирактыктардын өздөрү үчүн кепилдиктерди, негизги укуктарды камтыган мыйзамдын кабыл алынышы жана ага АКШны ынандыруу маанилүү болчу. Ошондуктан бул документти ирактыктар өздөрү кабыл алууга ынтызарланышты.

Эксперттин айтымында, мындай аракет өзүн актады. Анткени бир эле учурда мыйзам шиилерге да, сунниттерге да, күрт коомчулугуна да жагып отурат. Аялдардын укуктарын кепилдейт, исламдын жана демократиянын талаптарын бирдей жөнгө салууга да аракет кылат.

Бирок Фельдмандын пикирине караганда, бул документти таразалай турган мезгил али келе элек:

- Убактылуу Конституция келерки 18 ай аралыгында калкты канчалык канааттандыра алат, ал ушул маселеден өзгөчө көз каранды. Эгер убактылуу документ жакшы иштесе, ал туруктуу Конституциянын долбооруна негиз болуп берет. Кокус Ирактык көпчүлүк ынабай калса, анда менимче, өзгөрүү болот.

Серепчилердин көз караштарына караганда, мактоого алынып жаткан бул жаңы документтин туруктуу Конституциянын негизи болуп берээрине эч кандай кепилдик жок. Маселен, күрттөрдү убактылуу Конституция ушул калыбында абдан ынандырып турат, ал эми шиилер эмитен эле мыйзамды өзгөртүү керектигин белгилеп атышат.
XS
SM
MD
LG