Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

БҮТ ДҮЙНӨДӨ ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ ЖҮРҮШТӨР БОЛДУ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Кечээ (20-мартта) Америка Кошмо Штаттары баштаган аскер күчтөрүнүн Иракка согуш ачканынан бери бир жылдын жүзү болду. Ушул датага байланыштуу кечээ бүткүл дүйнөдө нааразылык иш-аракеттер болуп өттү.

Жер жүзүндөгү нааразылык иш-чаралар Ыраакы Чыгыштагы Токиодон башталды. Азияда, Европада, Жакынкы Чыгышта өткөн демонстрацияларга он миңдеген кишилер катышты. Бангкоктогу демонстранттардын бири Таиланддын аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү талабын койду:

- Америкалыктар эч качан Таиландды теңине алган эмес, алар бизди каалашынча иштетип, сөөгүн ыргытып сала турган арзан кулдай мамиле кылышат. Премьер-министр Таксин Шинавартанын америкалыктарды ойлонбостон ээрчий бергени уят эле.

Кулатылган президент Саддам Хусейндин колунда бар деп айтылып келген массалык кыргын куралы Иракта табылбаганын көп жыйындарда байма-бай эскеришти. Британиянын баш калаасында эки демонстрант парламенттин "Биг Бен" саат мунарасына чыгып, "Чындыкка мезгил жетти" деген жазуусу бар ураанды желбиретишти. Бул күнү Лондондо жана Римде АКШнын президенти Жорж Буштун тышкы саясатына каршы демонстрацияларга он миңдеген киши катышты. Эки өлкө тең - АКШнын Ирак боюнча башкы ынтымакташтары.

АКШнын дагы бир колдоочусу - Испанияда да он миңдеген демонстрант катышкан жүрүштөр болду. Үстүбүдөгү айда Испаниянын баш калаасында террордук чабуулдан улам 200дөн ашык киши каза тапкан жана жоопкерчиликти өзүнө алган "ал-Кайида" Испаниянын АКШнын Ирак саясатын колдогону үчүн жазаланып жаткандыгын жарыялаган.

Варшавада жүздөгөн жаштар президенттик ак сарайдын жана АКШнын элчилигинин алдында чогулуп, Ирактан Польша аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышты.

Ирак согушуна каршы болуп келаткан Францияда, Германияда, ошондой эле Грекия менен Голландияда да согушка каршы демонстрациялар орун алды. Ал эми Каирде, Амманда, Дамаск жана башка араб байтактыларында демонстранттар Иракка эгемендигин (суверендүүлүгүн) кайтарып берүү талаптарын коюшту.

Түркиянын баш калаасы Анкарада тынчтыкты жактоочу миңдеген кишилер (пацифисттер) Буштун келээрки июнга белгиленген сапарын айыпташты.

Ал эми Вашингтондо Буш буга чейин айтып келгенин кайталап, Иракка аскер киргизүү чарасын жактап сүйлөдү. Ал Ирак согушу ирак элинин боштондук алышына чыйыр салды деп ырастады:

- Ирактын бошотулушу ирак элинин багын ачты, Америка да, дүйнө да жеңилдене дем алды. Ирак диктаторунун бийликтен кетиши Жакынкы Чыгышты зордук-зомбулуктун, агрессиянын, жана бейстабилдүүлүктүн уюгунан арылтты. Аймактагы эң зөөкүр режимдин ордуна жакында эң мыкты режимдердин бири келет.

Ошол эле убакта Иракта АКШга каршы күчтөрдүн куралдуу чабуулдары токтобой жатат.

XS
SM
MD
LG