Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жигердүү улантылат


БИШКЕК. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү апрель айында Тажикстан аймагында өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча кыргыз делегациясынын төрагасынын орун басары Саламат Аламанов ишембиде билдирди. Анын айтымында, өткөн жумада Бишкекте аяктаган жыйында тараптар чек ара сызыгын кайсы документтин негизинде аныктоо боюнча орток пикирге келе алышкан эмес. Бирок, ага жетишүү максатында жолугушууларды ургаалдуу жүргүзүү тууралуу макулдашылган. Мурда маалымдалгандай, кыргыз тарап чек ара сызыгын 1950-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтер менен аныктоого кызыкдар болсо, тажик тарап 1920-жылдардагы документтер менен иштөө туура деген жүйөөнү кармап турат.

XS
SM
MD
LG