Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Баткен облусунда да Нооруз майрамдалды


БАТКЕН. Нооруз майрамына арналган салтанат адаттагыдай эле Баткен шаарынын борбордук стадионунда өттү. Алгач облус губернатору Аскарбек Шадиев жалпы журтту чыгыш элдеринин жаңы жыл майрамы менен куттуктап, жакшылыктарды каалады. Губернатор куттук сөзүндө Баткен облусунун келечеги кең экендигин белгилеп, алдыда жасалчу иштерге да токтолуп кетти. Театрлаштырылган көркөм баянда Нооруздун маани-маңызы чагылдырылып, алас айтылды. Жергебизге тынчтык, ынтымак-ырашкерлик тиленди. Салтанат андан ары жергиликтүү таланттардын ыр-бийлери, спорттук мелдештер менен коштолуп, майрам шаңы кечке дейре уланды.

Шайырбек Эркин уулу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG