Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:41

БАЛКАНДА КАЙРАДАН “ЭТНОСТУК ТАЗАЛОО” БАШТАЛДЫБЫ?


Эми Балкандагы кырдаал жөнүндөгү серепке назар салыңыздар. Жекшембиде Косовска Митровицада албандык эки баланын сөөгү жерге берилди. Алардын өлүмү өткөн аптада сербдер менен албан ортосундагы кагылышууга түрткү берген эле. Натыйжада 28 адам өлүп, 600дөйү жарадар болду. Аза маалында ар кандай зомбулукту алдын алуу үчүн НАТОнун Косоводогу аскерлери күжүрмөн абалга келтирилди.

Соңку жаңжал Мадриддеги жардыруулардан кийин терроризм менен алек болуп жаткан Европанын көңүлүн кайрадан Балканга бурдурду. Он жылдан ашуун убакыт бою мурдагы Югославиянын аймагында үстөмдүк кылып келген “этностук тазалоо” деген көрүнүш унутта калгансыган эле. Күлү сапырылган айыл-кыштактар, үй-жайсыз калган качкындар Хорватия, Босния-Герцеговина, Косово, Македониядагы улуттаралык уруштарды кайрадан эске салды.

Евробримдиктин бир дипломаты: “Дүрбөлөң азыр жок, бирок биз кырдаалга жакындан байкоо салып жатабыз. Ал жердеги абал бизди абдан тынчсыздандырууда”, - деп билдирди.

Эсиңиздерге сала кетели, өткөн жумада Сербиянын Косово чөлкөмүндөгү Косовска Митровица деген шаарчасында этностор аралык кагылыш тутанып, 28 киши набыт болуп, 600гө чукул киши жаракат алган эле. Бейшембиде албан экстремисттери бир нече сааттын ичинде сербдердин Свиньяре кыштагынын 130 үйүнүн бирин калтырбай толугу менен өрттөп салышты.

БУУнун кеңсеси 3 миң жарымдан ашык киши үйлөрүнөн качып кетүүгө аргасыз болду деп маалымдады.

Жаңжалдан улам, НАТО чөлкөмдөгү бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтүүгө мажбур болду.

Жума күнү Германиянын коргоо министри Петер Штрук мындай деп билдирди:

- НАТО Косового кошумча жоокер жиберүүнү бизден өтүндү. Бүгүн 600 аскер, мындайча айтканда бир батальон, Косового жайгаштырылмакчы.

1999-жылдан бери албандар басымдуулук кылган Косово БУУнун администрациясы тарабынан башкарылууда. Бирок албандардын эгемендүүлүк жөнүндөгү талабына карабай, провинция Сербиянын бир бөлүгү бойдон кала берүүдө.

Акыркы окуялар провинциянын келечеги жана эл аралык күчтөрдүн ролу жөнүндөгү суроолорду кайра көтөрүүгө негиз берди.

Косовонун макамы (статусу) боюнча маселени БУУнун Коопсуздук Кеңеши чечүүгө тийиш. Бирок ага чейин Приштина өкмөтү демократиялык стандарттарды орнотуу жаатында аракет жасашы керек. Анын ичинде серб азчылыгынын укуктарын коргоо да каралган.

Жергиликтүү калк жаңжалды алдын алууга жетиштүү чара көрүлгөн жок деп НАТОнун бейпилдик күчтөрү менен БУУнун администрациясын күнөөлөп жатат.

НАТОнун курамына кирген француз офицерлеринин бири капитан Фредерик Варей: “Биз сербдердин анклавдарын жакшы коргой алган жокпуз. Бул жагдай нормалдаштыруу жараянына чоң залака тийгизди», - деген ойун айтты.

Жума күнү НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер альянстын аскерлери коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн бар аракетин жумшап жатышат деп белгиледи:

- Бейпилдик күчтөрү туруктуулук менен коопсуздукту камсыздоо үчүн аракеттенишүүдө. Бирок ар бир этностук топтун да жоопкерчилиги бар. Биринчи кезекте, Косоводо басымдуулук кылган албандарга чоң жоопкерчилик жүктөлөт.

Ишембиде Косовонун президенти Ибрагим Ругова провинциянын башка жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү:

- Карапайым калкка жана чет элдик аскерлерге кол салуулар Косовонун негизги кызыкчылыктарына төп келбейт. Дагы бир жолу белгилеп кетүүм абзел: Косово эли - диний, маданий жана коомдук мекемелердин жана турак-жайлардын талкаланышына каршы. Биз андай учурларды айыптайбыз.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG