Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Жакынкы чыгышта дагы бир кагылышуу


Бүгүн Газ секторунда кагылышуу болуп, израилдик куралдуу күчтөрдүн аткан огунан бери эле дегенде 5 палестиндик каза тапты. Бул кандуу кагылышуу израилдик аскер бөлүктөрү Хана Юнис шаарынын жанындагы Аббазанин кыштагына чабуул жасаганда болду. Кагылышуу тууралуу толук маалымат жок. Бирок палестиндик тараптан өлгөндөрдүн бирөө террорчул болгондугу, ал өзүн өзү өлтүргөнү айтылып жатат.
Салгылашта израилдик бир нече аскер жараат алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG