Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Косоводо аза күтүү болду


Бүгүн өздөрүнө каршы агытылган иттерден качып сууга агып өлгөн 2 албан баланын сөөгү жерге берилди. Ошондой эле Сербияда кагылышуудан курман болгондорду эскерүү күнү болуп өттү. Косово болсо аны эртең өткөргөнү жатат. Буга байланыштуу Косоводо коопсуздук чаралары көрүлдү. НАТО мурдагы 17 миң адамдан турган тынчтык орнотуу күчтөрүнө кошумча кылып дагы 2 миң адам жиберди. Жаңжалдын кайра тутанышынан кооптонгон Косоводогу тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн өкүлү Дарек Чаппел элди сабырдуулукка чакырды:
- Биз бул аза күтүү каадасын эктремисттер зордук-зомбулукту андан ары улантуу үчүн пайдаланбайт деп ойлойбуз. Биз эл бул сөөк жашырууга урмат менен мамиле кылаарына ишенебиз.
БУУнун Косоводогу атайын өкүлү Харри Холкери бул кагылышуу адегенде күтүүсүз башталып, кийин ал экстремисттик топтор аркылуу тымызын башкарылып тургандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG