Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Пакистандын куралдуу күчтөрү “ал-кайидачыларды” аткылоону улантышты


Пакистандын куралдуу күчтөрү бүгүн дагы Ооганстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан Визиристан аймагындагы “ал-кайидачылардын” жана жергиликтүү талиптердин 400 адамдан турган тобун курчап алып, аларга чабуул коюуну улантышты. Курчалгандар катуу каршылык көрсөтүшүүдө. Акыркы маалыматтарга караганда, кечээки аткылоодо жергиликтүү элден 13төй адам курман болгон.
Кечээ Пакистандын аскер адамдары “100гө жакын согушчанды туткунга алдык” деп маалымат тараткан болчу. Алардын айтымында, туткундалгандардын арасында арабдар, чечендер жана өзбектер да бар. Бүгүн “алар суракка алына баштады” деген маалымат берилди. Бирок алар суракта эмне дешкендиктери тууралуу маалымат жок.
Операциянын башында турган пакистандык генерал Сафтар Хусейн мурда айтылган маалыматты төгүндөп, “курчоого алынган топтун ичинде Усама бен Ладендин оң колу жана акыл кошчусу Айман аз-Завахири” жок деп билдирди. Ал телефондук сүйлөшүүлөрдү кармоодон алынган маалыматтарга таянып, “курчалган топтун ичинде “ал-Кайидадагы” теги өзбекстандык же чеченстандык маанилүү адам болсо керек” деп болжолдойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG