Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Яап де Хооп Скеффер чет элдик күчтөрдү Ирактан чыгарып кетүүгө каршы


НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скеффер кечээ Будапеште жасаган билдирүүсүндө, Ирактагы күчтөрдү азыр чыгарып кетүү туура болбос эле, анткени НАТО келечекте өлкөдөгү бейпилдик күчтөрүн жетектеп калышы мүмкүн деди.
Скеффер билдирүүнү Испаниянын жаңы өкмөтүн жетектөөчү Социалисттер партиясы Ирактагы баскынчы күчтөрдүн командачылыгы Улуттар Уюмуна өтпөсө, испаниялык 1 300 аскер чыгарылып кетээрин кайра кайталаганга байланыштуу жасады.
Скеффердин айтышынча, Ирактын эгемен өкмөтү Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына таянып, НАТОну өлкөдө тынчтык орнотууга жардамдашууга чакырышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG