Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

СПИДге каршы күрөшкө диний уюмдар да тартылат


БИШКЕК. Ушул айдын жыйырма бешинде Кыргызстанда адамдын иммундук таңсыктык вирусуна жана СПИД дартына каршы күрөшүүгө арналган «тегерек үстөл» жыйыны болот. Жыйын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргыз мусулмандарынын диний башкармалыгы, БУУнун өнүгүү программасы жана бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен өткөрүлөт. Анда кылымдын башкы дарты болгон ВИЧ-СПИД дартына каршы күрөшүү жана калкты өз ден соолугуна аяр кароо сезимин калыптандыруу иш-чаралары аныкталат. Мындай маалыматты бүгүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы таратты. Ал маалыматка караганда, дин иштери боюнча комиссия 2004-2005-жылдарда ВИЧ-СПИД дартына каршы күрөшүү боюнча өз программасын иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG