Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк суу күнү


БИШКЕК. Бүгүн - бүткүл дүйнөлүк суу күнү. БУУнун маалыматы боюнча 2025-жылы таза суунун тартыштыгынан жер шаарындагы 2,5 миллиарддан ашык адам жабыр тартышы күтүлүүдө. Ал эми Кыргызстандагы 1650 айылдын тургундарынын жарымына жакынына (40%) таза суу жетишпейт. Учурда айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан таза суу менен камсыз кылуу үчүн эки долбоор боюнча иш чаралар көрүлүүдө. Долбоорго ылайык 2007-жылга чейин республиканын аймагындагы 1000 айыл таза суу менен камсыз болот. Бул ишти аткарууга Дүйнөлүк банк жана Азия өнүгүү банкы 70 миллион АКШ долларынын өлчөмүндө каражат бөлгөн. Бул тууралуу бүгүн айыл, суу жана кайра иштетүү министрлигинин таза суу департаментинен билдиришти. Мындан сырткары Борбор Азия чөлкөмүндө суну биргелешип пайдалануу маселесинде талаш-тартыштар курчууда. Алсак, өткөн айда суу-энергетика маселелери боюнча Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын вице премьер-министрлеринин 4-январда Чымкентте, 11-февралда Бишкекте кол коюлган протоколдорду жокко чыгарып, протоколдордун мыйзамдуулугун текшерип чыгууну Башкы прократурага сунуштаган.

XS
SM
MD
LG