Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

ЧОЛПОНБЕК АБЫКЕЕВ: "КЫРГЫЗ ТИЛИНИН УЮТКУСУ ДА, КОРГОП КАЛУУЧУСУ ДА - ЭЛ..."


Кыргыз тилинин кызыкчылыгын коргоо максатында өткөн жылы «Тил кыймылы» түзүлгөн. Аны «Аалам» гезитинин» башкы редактору Чолпонбек Абыкеев жетектейт. Учурда кыймыл лидерлери жумуруяттын булуң-бурчунда эл менен жолугушууларды өткөрүп, тилдин абалы боюнча талкууларды өткөрүүдө. Кыймыл лидери Чолпонбек Абыкеевге кабарчыбыз айрым суроолор менен кайрылган эле.

- Чолпонбек мырза, адегенде «Тил кыймылын» түзүүнүн максаты тууралуу айтып берсеңиз?

- Кыргыз тилинин абалынын жыл сайын начарлап, Бириккен улуттар уюмунун комиссиясы тарабынан жоголуп бараткан тилдердин катарына кошулуп, мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөй, жылдан-жылга кодуланып, четке чыга башташына байланыштуу «Тил кыймылын» түзүүгө аргасыз болгонбуз.

- «Тил кыймылы» сөз жүзүндө эле эмес, иш жүзүндө да аракеттенип «Тил тагдыры - эл тагдыры» деген ынтымак-марафонду өткөрүп жатат. Бул иш-чара элдин тилдин тагдырына кандай карай турганын көрсөттү?

- Марафондун эң башкы максаты: тээтиги түпкүрдө жаткан кыргыздардан баштап, өлкөнүн бүт аймагындагы атуулдарга кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жөнүндө так маалымат берүү, жалпы кыргыз элин ойготуп, өз тилин өзү коргоп калууга чакыруу. Ошондуктан биз жалпы өлкөнүн аймагында «Тил тагдыры - эл тагдыры» деген ынтымак-марафонун жүргүзүп атабыз. Мына ушул ишти биз Манас атабыздын ордосу турган Талас жергесинен баштап, 5-мартта ал жерде өткөрдүк. Ал жакшы болуп, жалпы Талас эли колдоду. Тилдин бүгүнкү тагдырын эл да түшүнөт экен. Андан кийин Теңиртоого аттандык. Ал жерде эки жумадан ашык болдук. Теңиртоонун райондору бири-биринен алыс жайгашкандыктан ар бир райондо өзүнчө өткөрдүк. Мындай иш чаралардын жүрүшүндө, Улуттар уюмунун комиссия аныктагандай эле, эгерде тилибизди жалпы эл колдоп, коргоп чыкпаса - ал жакынкы жылдарда эле жоголуп кетүүчү тилдердин катарында экенин эл билип, түшүнүп турганын аңдадык. Мени элдин түшүнгөнү кубандырды.

- Мындай иш-чара өлкөнүн дагы кайсы жерлеринде өткөрүлөт?

- Эми кудай буюрса, түштүккө аттанып жатабыз. 27-мартта Ош облусунун борборунда өткөрөбүз. Андан кийин Баткенге, Жалалабадда, Чүйдө өткөрүп, Ысыккөл менен жыйынтыктайбыз деп турабыз.

- Бул иш-чаранын жүрүшүндө каражат да топтолуп жатыптыр. Ал каражат эмнеге, кайсы максатка жумшалат?

- Эми жалпы өлкөнүн аймагын кыдырып чыккандан кийин ар бир райондон канча каражат топтолгондугун «Аалам» гезити аркылуу толук жарыялайбыз. Биринчи кезекте топтолгон каражатка кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн чыгаралы деп турабыз. Анткени биз кыргыздар кыргызча сүйлөгөнүбүз менен кыргыздын карапайым сөздөрүн түшүнбөй калган жагдайлар көп экен. Ошондуктан кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн чыгаруу менен баштайлы деп турабыз. Андан кийин биз облустарды жөн эле кыдырып өтпөй, райондордо демилгелүү топторду түзүп, анын жетекчилигин шайлап, мүчөлөрдү кабыл алып атабыз. Алар аркылуу «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү тилге байланыштуу иштерди жүргүзөлү деп жатабыз. Биз бул иш-чараны өтүп аткан маараке катары эмес, туруктуу жүргүзөлү деген ой болуп турат.

- Чолпонбек мырза, бул эми «Тил кыймылы» жасай турган иш эмес го, бирок ошого карабай сурай берейин. Мынабу тилди илимий маалыматтар менен байытуу жагын алсак, мисалы кыргыз баласы Аристотелден баштап азыркы замандын философторуна чейинки акылмандардын эмгегин өз эне тилинде окуймун десе, андай китептерди таппайт. Бул кенемтени толтуруу жагы кандай болот?

- Суроонун маңызын түшүндүм. «Элиң кандай болсо - шайлаган өкмөтүң ошондой болот» деген жакшы накыл сөз бар. Эгерде биз элди ойготуп алсак, эл талап кылса - өкмөт кайда барат? Биздин элди аралап жүргөнүбүздүн негизги максаты – элди ойготуп, анын жалпы талабын өкмөткө жеткирүү. Өлкөбүздө байлар да көбөйүп баратат. Биз ошолордун алдына да тилдин маселесин койолу деп турабыз. Анткени бардыгын эле бийликтен күтүп отура бербей, катардагы атуулдар да көтөрүлүп чыгышы керек болуп жатат. Биз байларыбызга да кайрылып, тилдин абалы мындай болуп жатат, жалпы элдин талабы болсо мындай болууда, ошондуктан салым кошуңуз, аны менен кыргыз тилинин түшүндүрмө, инженердик, компьютердик, термин сөздүктөрүн чыгарууга көмөк сурайлы деп атабыз. Аны менен катар котормо жагын да колго алалы деп турабыз. Мунун баары жалпы өлкөнү биз кыдырып келгенден өкмөт тарабынан да колдоого алынат деп ойлойбуз. Бул максаттарды турмушка ашырууга жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүбүздүн катышуусу, жалпы өлкө масштабында өткөрүлө турган тил курултайы да түрткү болот деген ойдобуз.

- Маегиңизге ырахмат. Ишиңиздерге ийгилик!
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG