Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

ӨКМӨТТӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЭМНЕ БЕРЕТ?


Султан Раев, Бишкек Эл өкүлдөр жыйынынын ушул сессиясында өкмөт мүчөлөрү, жаңы министрлер бекийт. Ал эми февраль айында жаңыланган өкмөт структурасы жана бийликтеги жаңылануулар коомчулук тарабынан кандай кабыл алынды?

Ушул жылдын башында өкмөт курамында жана аткаруу бийлигинде структуралык өзгөрүүлөр болот деп күтүлгөн. Бирок кескин өзгөрүштөр жүргөн жок. Болгону энергетиканы башкарган Уларбек Матеев социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке жылса, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев жаңы уюшулган экономика министрлигине келди. Айрымдары ордунда министрдин милдетин аткаруучу деген жармач ат менен калды. Кээ бирлер кызматынан кол жууду.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин жаңы кабинети 24 - мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына добушка салынмагы күтүлүүдө. Өкмөттүк жаңы курамы тууралуу публицист Кубан Мамбеталиевдин оюн уксак:

- Структурасын өкмөт эки жылда бир өзгөртүп турат. Санын азайтабыз деп коюп саны да азайбайт, сапаты да өзгөрбөйт. Өкмөттү өзгөрткөнү менен алардан эч нерсени күтүш деле болбойт. Кеп өкмөттө эмес, саясий системаны өзгөртүш керек. Саясий системаны өзгөртмөйүнчө бизде жаңы реформага жаңы дем кошулбайт. Саясий система өзгөрө турган учур жакындап келатат. 2005-жылы биздин конституциянын негизинде ошол системабыздын багыты өзгөрүш керек. Азыркы жүрүп жаткан мамлекеттин курамын сол жактан, оң жактан тартып же чоюп, же министрликти агенттик кылып, же агенттикти комитет кылгандан эч пайда чыкпайт. Туруктуулук сакталыш керек эле, Америкадагыдай. Мисалы, Америкада андай өзгөртүү болбойт министрликтерде.

XS
SM
MD
LG