Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

КЫРГЫЗСТАНДА БЫЙЫЛ СУУ ТАШКЫНЫ КӨП БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ


Быйыл Кыргызстанда кыш жылуу болду. Адистердин айтымында, жазында суу ташкыны көп болушу ыктымал. Буга жылдагыга караганда айрым тоолуу аймактарда кардын көп түшүшү да шыкак бериши ажеп эмес. Андан тышкары бийик тоо арасындагы майда көлдөрдүн бир тобу жээгин жырып кетип, суу ташкынын пайда кылат деген коркунуч бар.

Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин адистеринин эсеби боюнча, быйыл өлкөнүн бардык аймактарында, айрыкча тоолуу жерлерде кар мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп түштү. Жаздын келиши менен ал суу ташкынын пайда кылышы мүмкүн. Ал тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Эмил Акматов мындай дейт:

- Жылдын башынан бери жаан-чачын көп болду. Республиканын тоолуу аймактарында кар улам-улам жаап, стратегиялык эң негизги Бишкек-Ош жолунда кардын көлөмү абдан көбөйдү. Акыркы маалыматтар боюнча, "Төө ашууда" кардын көлөмү ченемден 18, Чычкан коктусунда 42 процентке көп болду.

Андан тышкары Кыргызстандын тоолорундагы 2 миңден ашык майда көлдүн ону жээгин жырып, суу айыл-кыштактарды каптайт деген коркунуч күч. Ал тууралуу Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министринин биринчи орун басары Болот Айдаралиев мындай пикирде:

- Кыйратуучу суу ташкыны бийик тоо арасында жайгашкан көлдөр жаратышы мүмкүн. Бийик тоо аймактарындагы 2 миңден ашык көлдүн ондон ашыгы жээгин жырып кетип, суу ташкынын пайда кылат деген кооптонуу бар.

Болот Айдаралиевдин айтымында, андай коркунучтуу көлдөр Бишкек, Каракол шаарларынын жана башка көптөгөн айыл-кыштактардын үстүндө жайгашкан. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри мындай коркунучтун алдын-алуу иш чараларын жүргүзүү үчүн суу ташкыны боло турган аймактарды жана жээгинен жырып кете турган көлдөрдүн санын тактоо тууралуу буйругун чыгарды.

Министрликтин басма сөз катчысы Эмил Акматовдун айтымында, министрликтин адистери аларды иликтөө иштерин 23-мартта баштайт:

- Министрликтин адистери өлкөнүн бардык тоолуу аймактарын тик учма менен кыдырып, кардын көлөмүн эсептейт. Кар көлөмү аныкталгандан кийин ошого жараша чара көрүү сунуштарын өкмөткө жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берет.

Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, Кыргызстандагы табигый жалпы кырсыктар жыл сайын мамлекетти 35 миллион долларлык чыгымга кириптер кылат. Бул мамлекеттик бюджеттен кырсык кесепеттерин жоюу үчүн бөлүнгөн каражаттан 6 эсеге көп. Анткени, өлкөдөгү 3100 суунун көбү жыл сайын өз нугунан чыгып, айланасын каптап кетет. Андан тышкары суу ташкынынын 80 процентин жаз айларындагы тынбай жааган жамгыр пайда кылат. Көлөмүнөн ашкан суу айлана-чөйрөгө зыян келтирбей агып кетүү үчүн орнотулган 28 миң суу түтүгүнүн көбү азыр керектен чыккан. Аларды жакшыртуу жана алдын-алуу иштерине каражат жетишсиз. Маселен, ушул жыл башынан бери эле ар кандай кырсык кесепеттерин жоюуга Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинде түзүлгөн фонддогу 50 миллион сомдун 10 миллиону сарпталды.

Алдын ала божомолдоолорго караганда, быйыл жазда суу ташкыны жана жер көчкүсү болсо министрликке мамлекеттен бөлүнгөн 355 миллион сомдун көбүн коротоору белгилүү. Ал тууралуу Эмил Акматов буларды айтты:

- Божомол менен 200 миллион сомдон ашык чыгым кетет го. Себеби 2004-жыл былтыркыга караганда да оор болчудай.

Ал эми ушул ай башында экологиялык кырдаал боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде президент Аскар Акаев күтүүсүз кырдаалдардын алдын-алуу иш-чараларын көрүүгө каражаттын жетишсиздигин билдирүү менен ага жергиликтүү калкты тартууну сунуш кылды жана буга быйылкы социалдык мобилизациялоо жылы түрткү болоорун билдирди. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу ташкынынын, селдин алдын-алуу чараларын көрүүгө ыкшоолук кылууда.

- Жергиликтүү калк өзү бир топ көйгөйдү чечип алчудай. Алар колуна күрөк алып, үйлөрүнүн алдында турган арыкты тазалап, он жылдап жаткан акыр-чикирден арылтып койсо суунун баары ошол арык менен агып кетет эле. Эл ошого катышып колго алса абалды керектүү деңгээлде чечет. Бирок күйүүчү май жетишпейт же каражат жок деп колун жайып отурган учурлар абдан көп ,- дейт Эмил Акматов.

XS
SM
MD
LG