Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

“КУМТӨРДҮН” КУНУН КИМ БЫЧТЫ? ЖАРАТЫЛЫШ - ЖАН ДОСУБУЗ, МИСИР АШЫРКУЛОВ - МУРАСКЕРБИ?


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 23-мартта чыга турган “Агым” басылмасына өлкөнүн “Кумтөр” алтын кени тууралуу келишимдин өлкөгө зыяндуулугу жөнүндө депутат Ишенбай Кадырбековдун макаласы жарыяланса, “Аалам” басылмасы “Бийликтин бийик сересинде” деген Кенжебек Арыкбаевдин макаласына орун берүүдө. Ал эми 23-мартта чыгуучу “Дил ордосу” басылмасы өлкөдөгү саясый партиялардын ишмердүүлүгү жөнүндө баяндайт.

23-мартта чыгууга даярдалып жаткан “Агым” басылмасында Ош жана Жалалабад облустарында командировкага барып келген кабарчы Айнагүл Сапарбек кызынын жергиликтүү дыйкандардын маселелерине арналган макаласы жана жаштарга арналган «Юс-пейжч» бети жарыяланып жатат. Ушул басылмада дагы кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Сөзүмдүн башында элди Нооруз жаз майрамы менен куттуктап, токчулук, ынтымак, бекем ден соолук, жакшылыктарды каалап кетейин. Гезитибиздин биринчи жана экинчи беттеринде адаттагыдай эле саясатка арналган жаңылыктарга орун бердик. Мындай маанайдагы макалаларды «Насыйкат», "Селкинчек", «Ат жалында» сыяктуу рубрикаларынан окуй аласыздар. Басылманын төртүнчү бетинде өлкөнүн “Кумтөр” алтын кени арзанга сатылып кеткени жөнүндө Жогорку кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутат Ишенбай Кадырбековдун “Кумтөрдүн кунун ким бычты?” деген макаласында бул долбоордун туура эмес түзүлүп, кыргыз элинин кызыкчылыгына төп келбегенин аргументтүү фактылар менен айгинелейт. Өткөн 8- марттагы кыз-келиндердин майрамына арналган саныбызда ырчы кыз-келиндердин бою, салмагы жөнүндө маалымат берсек, бул жолу ырчы, эстрада жылдыздары болгон жигиттердин бою, салмагы тууралуу биле аласыздар.

Ошондой эле шейшемби күнгө басууга даярдалып жаткан “Аалам” гезитинде жаратылышты коргоо, аны көздүн карегиндей сактоого, экологиянын көйгөйлөрүнө арналган макалаларга орун берилип жатат. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу басылманын жооптуу редактору Нарынкүл Назаралиева мындай дейт:

- "Жер эненин абалы ядролук ааламаттан дагы коркунучтуу" деген аналитикалик макала кетип жатат. «Ташы ташылып, темирлери омкорулуп, бадалдары балталанууда» деген экологияга арналган дагы бир материалга орун берилүүдө. «Тагдыр» деп аталган атайын бет да даярдалды. Журналист Кенжебек Арыкбаевдин азыркы саясый кырдаалды талдоого алган «Бетеге кетип, бел калат» деген макаласы да жарык көрүүдө. «Ааламдын» актаңдайын аныктайлы» деген конкурстук материалга да орун берилип жатат.

“Дил ордосу” басылмасы өлкөдөгү саясый партиялардын ишмердүүлүгүн сандан санга жарыялап келүүдө. 23-мартта басууга даярдалып жаткан жаңы санында мурдакы Агрардык, азыркы “Жаңы Кыргызстан” жана “ЭрК” партияларынын иш- аракеттери жөнүндө макалалар жарыяланып жатат. “Дил ордосунда” дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын кабарчысы Айдар Козуев буларды айтып берди:

- Биз бул жаңы саныбызда элдин көңүлүн буруп, акыркы убакта басылмалар жазып чыккан “өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов оппозицияга ооп кеттиби” деген пикирлерине башкача өңүттөн карап, “Мисир мырза оппозицонер эмес, жөн гана президенттик орунга мураскер катары упай топтоп, өзүн көрсөтүп жатат” деп божомолдодук. Мындан сырткары белгилүү журналист Кален Сыдыкованын кийинки мезгилде талаш- тартыш жараткан “Кыргыздар мусулманбы?” деген темадагы ой-пикирлерин, каттарга жоопторун жарыялап жатабыз.
XS
SM
MD
LG