Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

АХМЕД ЯССИНДИН ӨЛҮМҮ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТЫ КЫЙСЫПЫР ТҮШҮРДҮ


Израилдин өкмөтү 22-март (дүйшөмбүдө) палестиндердин ХАМАС уюмунун руханий жол башчысын атып өлтүрттү. Шейх Ахмед Ясин Газа шаарында мечиттен чыгып үйүнө бараткан жолдо, ал түшкөн машинаны Израилдин тикучмалары ракета менен аткылашкан. ХАМАС уюму Ясиндин өлүмүн өч алуусуз калтырбай тургандыгын жарыялады. Бул окуя ХАМАС колдогон жанкечти чабуулдардын азайышына жардамдаш болобу же тескерисинче, өчөгүштүк күчөп, калаба күчөйбү деген суроону күчөттү?

Куралчан эркектер Шейх Ахмед Яссиндин сөөгүн Газа шаарынын көчөлөрү менен алып өтүштү. Сөөк салынган табыт Ясин негиздеген ХАМАС уюмунун байрагы менен оролгон. Табыт көтөргөндөрдүн артынан палестиндердин ар кыл фракцияларынын өкүлдөрү, миңдеген кишилер агылды.

Ясинге былтыр кол салуу жасалып, бирок ал ирет аман калган эле. Палестиндер пир туткан 68 жаштагы Ясин бала чагында кырсыктан майып болуп, өмүрүнүн көбүн арабада отуруп өткөрдү. Ал үнүн акырын чыгарып сүйлөчү, бирок анын шыбышынын миңдеген кишиге дем берип, демөөр боло турган касиети бар эле.

Чабуулдан кийин Израилдин бийликтери Батыш жээкке жана Газа тилкесине баруучу жолдорду бууп салды. Палестин президенти Ясер Арафат аза күтүү жарыялады. Бул күнү Израил өкмөтүнүн маалымат катчысы Ави Пазнер Яссиндин өлтүрүлүшүн жактап сүйлөдү:

- Израиль аймактагы тынчтыкка жана туруктуулукка эң ири коркунуч келтирген адамды жок кылды. Шейх Яссин жүздөгөн Израиль атуулдарынын өлүмү үчүн жоопкер.

ХАМАСтын саясий жетекчиси Абдел-Азиз ал-Рантисси Израил "Исламдын символуна" кол салганын эскертип, Яссиндин өлүмү үчүн өч алуу ачык согушка айланат деп жарыялады. Ал эми палестин өкмөтүнүн Эмгек министри Хассан Xатиб Израилдин киши өлтүрүү саясаты тынчтыкка жана коопсуздукка каскак болот деп эскертти.

Өткөн аптада Ашдод портундагы жанкечти жардырган бомбадан 10 киши каза тапкандан кийин Израилдин өкмөтү исламчыл радикалдарды бирден терип жок кылуу операцияларын күч алдыраарын жарыялаган эле.

Израилдин киши өлтүрүү саясаты - эларалык коомчулукта да, Израилдин өзүндө да талаштуу маселе туурдуруп келет. Израилдин каржы министри жана мурдагы өкмөт башчысы Бенйамин Нетаньаху Яссиндин өлтүрүлүшүн мактап, экстремисттер аз убакытка гана тополоң салып, акыры тынчып калышат деген таризде сүйлөдү. Бирок Израил оппозициясынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири Йосси Бейлин Яссиндин өлтүрүлүшүн өтө коркунучтуу жөрөлгө, жөөттөрдүн арасында өлүм дагы көбөйөт деген кооптонуусун билдирди.

Талдоочулар бул маселе коомчулуктун терең бөлүнүп-жарылышына алып келгендигин белгилешүүдө. Израилде чыгуучу ири гезиттердин бири болгон "Хаарецтин" кабарчысы Лилли Галили мындай дейт:

- Израилде элдин бир бөлүгү (исламчыл эсктремисттерди) бирден терип жок кылууну колдошот, анткени алар мунун натыйжасында ХАМАС уюму талкаланып, жок болот деп ойлошот. Элдин экинчи бөлүгү, дээрлик жарымы "киши өлтүрүү - катачылык, анткени ХАМАС мындай кадамдардан анчалык катуу деле жапа тартпайт" деп эсептешет.

Дагы бир израилдик талдоочу Уилли Гафни кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетет деп чочулайт. Ал эми лондондук серепчи Тим Гарден Израиль менен палестиндердин ортосунда согуш токтой электигин эске салып, "эки тарап тең тынчтык сүйлөшүүсүнө жол бербөөгө касам ичкен бейм" деп тан берди. Том Гарден элдик колдоодон ажыратуу менен гана экстремизмдин түбүнө жетсе болот деп ишенет.

Айрым байкоочулар Яссиндин жалпы эле мусулман дүйнөсүндө кадыры чоң болгондуктан, анын өлүмү палестин эсктремисттеринин дүйнөлүк терроризмге катышын күч алдырат деп боолголоп жатышат.

XS
SM
MD
LG