Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

КЫРГЫЗСТАН-ПОЛЬША КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ?


Президент Аскар Акаев жетектеген делегация Польшадан кайтып келди. Эки тараптуу жолугушуулар маалында экономикалык жана маданий кызматташуу маселелери талкууланды. Польша тарап Кыргызстанга алюминий заводун курууда көмөк кылаары, экологиялык маселелерди чечүүдө да жардам берээри күтүлүүдө.

Президент Аскар Акаев жетектеген делегация Польша Республикасында болгон расмий иш сапардан 17-мартта кайтып келди. Өлкө башчысы А. Акаев бул сапары маалында Польшанын президенти Александр Квасниевский (Aleksander Kwasniewski) менен жолугуп, эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана маданий байланыштар боюнча келишимдерге кол койгон.

Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Алибек Жекшенкулов саясий жактан алганда бул иш сапардын мааниси зор деген пикирде:

- Биринчиден, канча жылдан бери болуп келаткан эки өлкө ортосундагы саясий маек улантылды. Биздин президент Аскар Акаев менен Польшанын президенти Александар Квасниевский мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы мамилени чыңдоо жана өнүктүрүү багытында абдан терең, абдан деталдуу кылып көп маселелер боюнча сүйлөшүштү. Экинчиден, Польша Евробиримдикке киргенден кийин Кыргызстанга кандай жардам бере турганы жөнүндө талкууланды. Үчүнчүдөн, дүйнөлүк маанидеги маселелер - Ооганстан, Ирак, эл аралык террорчулук жана баңгизаттарга байланыштуу маселелер каралды.

- Аликбек мырза, экономика жаатында да маселелер каралдыбы?

- Польшанын министрлери, ишкерлери Кыргызстан менен Польшанын ортосунда конкреттүү иш жүргүзөлүк деген сунуштар менен кайрылды. Алардын сунуштары айыл чарбасы жана, өнөр-жай багытында болуп, сүйлөшүүлөр абдан жогорку деңгээлде өттү.

- Ушундай жогорку деңгээлдеги делген сүйлөшүүлөр кандай деңгээлде ишке ашаар экен?

- Польшанын президенти Александр Квасниевский 2002-жылы Кыргызстанга келип кеткенден кийин, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 50% өскөн. Ушул жолку жолугушуудан кийин, мамлекет аралык байланыштан сырткары жеке ишкерлер ортосундагы байланыш жакшы жыйынтыктарды берет ко деп ойлойм.

Ошондой эле эки тараптуу экономикалык кызматташуу тууралуу келишимде айыл чарбасына байланыштуу маселелер да камтылган. Ал тууралуу президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев буларды билдирди:

- Эки өлкөнүн жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө айыл чарба азыктарын кайра иштетүү үчүн Польшада болгон жаны технологияны алып келүү маселеси каралды. Бул жагынан Польшанын бизге жардам берүүсү күтүлүүдө.

Ал эми өкмөттүк архитектура жана курулуш комиссиясынын жетекчиси Анвар Турсуновдун айтымында, Польша тарап Жалалабад облусундагы Ташкөмүр шаарына алюминий заводун курууга 20 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлгөн. Ал завод жакын арада курула баштайт. Ошондой эле поляк ишкерлери Кыргызстанга тез курула турган үйлөрдү чыгаруучу ишкана салууну көздөөдө. Үй курууга жана сатып алууга ипотека боюнча кредит берүү маселеси оң жолго чечилмекчи. «Поляк ишкерлери жеке эле Борбордук Азия эмес, Ооганстан, Ирак жана башка мамлекеттерге Кыргызстан аркылуу соода байланыштарына чыгууга кызыкдар», - деди Анвар Турсунов.

Саясий-экономикалык кызматташтыктан тышкары туризм, спорт маселеси тууралуу да эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Ал тууралуу өкмөттүк туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитеттин жетекчиси Өкмөтбек Алмакүчүков:

-- Туризм багытында маркетинг стратегиясын өнүктүрүү боюнча келишимге кол койдук. Быйыл Польшадан техникалык жактан жардам алабыз. Андан сырткары спортту өнүктүрүү тууралуу да сүйлөшүүлөр болду.

Билим беруү тармагы боюнча кыргызстандык 50 студентти жогорку окуу жайларында окутуп берүү жүгүн Польша тарап алган.

Президент Аскар Акаев «Бизнесфорумга» жана поляк тилинде басмадан чыккан «Кыргызстандын тарыхы, саясаты жана коому» тууралуу китептин бет ачарына да катышкан. Мындан 640 жыл мурда уюшулган Ягеллон университетинде болуп, «Бүгүнкү Евразия жана анын жаңы Европа менен байланышы» деген темада дарс окуган. Ягеллон университети Николай Коперник, Рим Папасы Иоанн Павел Экинчи сыяктуу бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат.

Өлкө башчысы Аскар Акаев Польшага 1998-жылы биринчи жолу расмий иш сапары менен барып, кызматташтык тууралуу алгачкы келишимге кол коюп келген. Ал эми Польшанын президенти Александр Квасниевский Кыргызстанга 2002-жылы келген.
XS
SM
MD
LG