Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:01

Евробиримдик террорго каршы жыйын өткөрүүдө


БРЮССЕЛЬ. Бүгүн Брюсселде Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин терроризмге каршы күрөшкө арналган жыйыны башталды. Бул жыйын Испаниядагы террордук актка байланыштуу өткөрүлүп жатат. Министрлердин Иракка, Сирияга жана Жакынкы чыгыштын башка өлкөлөрүнө кайрылуу кабыл алуусу күтүлүүдө. Алар ошондой эле ХАМАС уюмунун лидери Ахмед Яссиндин өлүмүнө байланыштуу маселени да карашмакчы. Министрлер террор иштери боюнча атайын жооптуу өкүлдү дайындашат жана маалымат алмашууну жакшыртуунун жолдорун макулдашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG