Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

АКШ өкмөтүнүн терроризм боюнча мурдагы кеңешчиси президент Бушту сындады


ВАШИНГТОН. Бүгүн АКШнын президентинин улуттук коопсуздук иштери боюнча жардамчысы Кондализа Райс Президент Буш 2001-жылдын 11-сентябрындагы “ал-Каиданын” чабуулун алдын алууга жөндөмсүздүгүн көрсөттү деген айыптоону четке какты. Анын ою боюнча, Буш тескерисинче ыкчамдуулук көрсөтүп, чабуулга каршы АКШнын биримдүү аракет кылуусуна баардык чараларды көрө алды. Ал бул сөзүн 30 жыл бою АКШнын өкмөтүндө терроризмге каршы күрөш маселеси боюнча кеңешчи болуп иштеген Ричард Кларктын айыптоосуна жооп катары айтты. Ричард Кларк бүгүн сатыкка түшүп жаткан китебинде “Буш террордун алдын ала алган эмес, чабуул аяктагандан кийин күнөөнү Иракка жүктөөгө аракет кылган” деп айыптайт.

- Мени президенттин экинчи мөөнөткө барып жатып, терроризмге каршы көп иш жасадым дегени таң каларлык деп ойлойм. Ал терроризмди көңүлдүн сыртына калтырган болчу. Ал терроризмдин алдын алуу боюнча чараларды көргөндө 11-сентябрдагы окуяны болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк бар болчу, - деди Ричард Кларк Си-Би-Си телекомпаниясына берген бүгүнкү интервьюсунда.

Кларк ушул жумада көз карандысыз комиссияга бул чабуулду тергөө маселелери боюнча көрсөтмө берет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG