Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:28

Гераттагы кагылышуулар токтоду


КАБУЛ. Ооганстандын Герат шаарындагы кагылышуу токтоп, азыр абал тынчый баштагандыгы маалымдалды.
Кечээ Ооганстандын авиация министри, Герат провинциясынын губернатору Исмаил Хандын уулу - Мохаммад Мирвайс Садык атып өлтүрүлгөндөн кийин жергиликтүү бийликке баш ийген күчтөр менен борбордук бийликтин ал жерде жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуу чыккан болчу. Исмаил Хан уулунун өлүмү тууралуу Кабулга караштуу бригаданын командычы Закир Наибзадеден шектенип, ага каршы аскер жиберген. Түнү менен уланган салгылаштан 100дөй адам каза тапканы айтылууда. Исмаил Хандын өкүлдөрүнүн айтымында Закир Наибзаде тоого качып кеткен.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай бул терактты айыптап чыкты. Бүгүн Гератка Ооганстандын коргоо министри Фахим жана ички иштер министри Ахмад Жали келишти. Алар губернатордун уулун жерге берүү тажиясына катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG