Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: АМОРФОФАЛЛУС ТИТАНУМ, УЛУУ КЫТАЙ ДУБАЛЫ, СУРНАЙ ТАРТКАН РОБОТ...


Эмки кезек - “Кызыктар дүйнөсүндө”.

Өткөн жумада Индонезиянын Богор шаарындагы ботаникалык бакчада “Аморфофаллус титанум” гүл ача баштады. Бир нече себептерден улам, бул – кызыктуу окуя катары бааланып жатат. Биринчиден, ал өсүмдүк үч жылда бир жолу гүлдөйт. Экинчиден, быйыл анын узундугу рекорддук деңгээлге жетип, 2,9 метрди түздү.
Мындан мурда, тактап айтканда, былтыр эң узун гүлдү Бонн университетинин окумуштуулары өстүрө алышкан.

Бирок ошол “аморфофаллус титанумга” болгон кеңири кызыгуунун негизги себеби – анын жыты. Же тагыраак айтсак, жагымдуу эмес, сасык жыты.

Эң кызыктуусу, адамдын кускусун келтирген, жаныбарлардын чириген сөөгүнүн исиндей жыттанган бул өсүмдүк гүлдөгөн жерлерге эл агылып келет.

Мындай таң калаарлык көрүнүшкө түшүндүрмө таба алган жокпуз!



Кытайдын башталгыч мектептеринин окуу китептеринде Улуу Кытай дубалын космостон да көрүүгө болот деп жазылып келет. Жакында болсо Кытайдын алгачкы астронавты, 21 жарым сааттык космос сапарын жасаган Янг Лю-вей орбитадан улуу Кытай дубалын көрө албагандыгын маалымдады. Эми Билим берүү министрлиги бул “уламышты” окуу китептеринен алып салууга буйрук берди.

Американын космос агенттиги НАСА болсо мындай калпыстыкты түшүнсө болот дейт. Себеби, жердеги көптөгөн обектилерди космостон көрө алса болоору белгилүү. Кытай дубалынын узундугу болсо алты миң 700 километрди түзөт. Бирок анын кеңдиги - бир нече эле метр. Анын үстүнө сепил жаратылыш материалдарынан жасалгандыктан, аны табигый кыртыштан (топурактан) айырмалай албайсыңар, - дешет НАСАнын адистери.



Жапониянын машина куруучу Тойота компаниясы сурнай тарткан роботту жасап бүткөнүн жарыялады. Муну менен атагы дүйнөгө кеңири тараган фирма атаандаш компаниялар – Хонда менен Сониден озуп чыгууну көздөөдө. 2000-жылы Хонда АСИМОну, же дүйнөдөгү алгачкы өзү баскан роботту чыгарган. Декабрда болсо Сони компаниясы чуркай билген машинаны курган. Өткөн аптада ошол робот Токионун симфониялык оркестрине дирижорлук кылган.

Тойота Мотор корпорейшн өзүнүн жаңы чыгармасын алгачкылардан болуп кабарчыларга тартуулады.

Музыка адистери болсо роботтун аткаруусундагы обон өтө эле механикалык, б.а. жасалма болду деген сын пикирин айтып чыгышты.



АКШнын Миннесота штатынын прокурорлору 11-сентябрда террордук чабуулдун натыйжасында кыйроого дуушар болгон Дүйнөлүк соода борборунун урандылары алдынан каалганы алып кеткендиги үчүн бир компанияга айып тагууга даярданып жатышты эле. Бирок тергөө маалында федералдык иликтөө бюросунун өкүлдөрү, атүгүл кээ бир өкмөттүк кызматкерлер дагы кыйырандылардан “сувенир” ташып кетишкени ачыкка чыкты. Ошол мартабалуу кызматкерлердин арасында Бюронун терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчи орун басары, ошондой эле өлкөнүн коргоо министри Доналд Рамсфелд да бар экени дайын болду. Эми миннесоталык прокурорлор бир каалганы уурдап кеткен фирмага каршы ишти улантаар-улантпасы бүдөмүк болууда.



Биздин доорго чейинки 215-жылы Рим Сицилия аралын Карфагенден тартып алып, өзүнө кошуп алган. Эми Италия аралды өзүнө саясий жактан ган эмес, физикалык түрдө да кошуп алууну көздөп жатат.

Премьер-министр Силвио Берлусконинин өкмөтү Сицилия менен өлкөнүн негизги бөлүгүн бириктирүүчү көпүрөнү куруу ниети жөнүндө жарыялады.

Долбоор наркы 4 жарым миллион еврого жакын бааланып жатат. Көпүрөнү Париждеги Эйфел мунарасынан бийик метал түзүлүштөр тиреп турмакчы.

Месина кысыгынын үстүнө тургузула турган көпүрө 5 миллион калкы бар Сицилиянын экономикалык өнүгүшүнө жашымдуу шарт түзөт деген ой бар.

Бул демилгенин сынчылары болсо өкмөт элдин көңүлүн чечилбей турган башка маанилүү проблемалардан жомоктогудай долбоорго буруу аракетин көздөп жатат дешүүдө. Евробиримдик Рим өкмөтүнүн бул долбоор үчүн каржылык жардам жөнүндөгү суранчын четке какты.

XS
SM
MD
LG