Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

КИПР СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ШВЕЙЦАРИЯДА УЛАНТЫЛМАКЧЫ


Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Кипр жаңжалын жөнгө салууга багытталган жамааттар аралык сүйлөшүүлөр туйукка такалып калган эле. Эми сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Швейцарияда улантылмакчы.

Кипр аралын кайра бириктирүү максатын көздөгөн этностук жамааттар аралык сүйлөшүүлөрдүн 15-айлампасы бүгүн (дүйшөмбү күнү) Никосийадагы бейтарап тилкеде өткөрүлүп, бирок андан дагы эч кандай бир натыйжа чыкпады. Ушинтип, БУУнун сүрөөнчүлүгү астында башталган соодалашуулардын Кипрдеги алгачкы бөлүмү соңуна чыгып, сүйлөшүү марафонунун экинчи этабы эртең Швейцарийада башталат.

Өткөн жумада БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Түркийа, Грекийа, ошондой эле, Кипрдеги түрк жана грек жамааттарынын лидерлерин Швейцарийанын Луцерн шаарында өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөргө чакырган болчу. Башкатчынын бул чакырыгына Түркийа менен Грекийанын премьер министрлери Эрдоган менен Караманлис оң мүнөздө жооп кайтарышты. 4 тараптуу сүйлөшүүлөргө барбай тургандыгын билдирген кипрдик түрк жамаатынын лидери президент Рауф Денкташ сүйлөшүүлөргө өзүнүн толук ыйгарымдуу өкүлү катары кипрдик түрктөрдүн өкүмөт башчысы Мехмет Али Талат катыша турганын, ошондой эле, өзүнүн мындан аркы туруму Швейцарийадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө карата аныкталарын билдирди.

Швейцарийадагы сүйлөшүүлөр, адегенде, Кипрдеги тараптардын арасында башталып, 28-март күнү Грекийа менен Түркийанын премьер-министрлеринин да кошулуусу менен улантылат.

Жекшемби күнү БУУнун башкатчысынын Кипр маселеси бойунча атайын өкүлү Алваро Де Сото Анкарада сайакатта болуп, сүйлөшүүлөрдөгү бир орунда такалып калган маселелер тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен пикир алмашты. Сүйлөшүү жарайаны менен байланыштуу үмүтү чоң экенин байандаган перулук ардагер дипломат Швейцарийадагы сүйлөшүүлөрдүн келечеги тууралуу берилген суроого: “Эгерде өз-ара келишүүгө ынтызардык жана сайасий эрк болсо, анда сүйлөшүүлөрдүн үзүрлүү болооруна ишенүүгө мүмкүн”, - деп жооп кайтарды.

Кипрдик түрктөрдүн лидери Рауф Денкташтын Швейцарийага баруусунан али үмүтүн биротоло үзбөгөн Түркийанын өкмөт башчысы Режеп Т. Эрдоган жана тышкы иштер министри (ТИМ) Абдулла Гүл өткөн жуманын айагында Анкарада армийанын штабынын төрагасы Генерал Хилми Өзкөк менен маслаатташып, Кипр сүйлөшүүлөрү менен байланыштуу Түркийанын шарттарын дагы бир жолу бекемдеп чыгышты.

Жолугушуудан кийин Абдулла Гүл чыгып сүйлөп, ошол өзгөчө шарттардын айрымдарын ачыктады. Маселен, кол коюла турган болочокку келишимге кол коюлган соң гректер тарабынан бурмалоолор киргизилип-өзгөртүлбөстүгүн камсыздаш үчүн, ал келишим Европа Биримдигинин олуттуу мыйзамы (канону) катары бааланышы керек; аралда кош бөлүктүк (сектордуулук) принциби чыңдалышы абзел; үчүнчүсү - Түркийанын арал үстүнөн кепилдик кылчу өлкө макамы сакталып калышы жана аралга Түркийадан көчүп баргандардын укуктарынын корголушу камсыз кылынууга тийиш. Түрк тарап бул шарттарынан эч качан баш тартпай тургандыгын Гүл мырза баса белгиледи.

Айтмакчы, Кофи Аннандын планы бойунча, эгерде Швейцарийадагы 4 тараптуу сүйлөшүүлөрдөн да майнап чыкпаса, анда келишимдин кемтиктерин башкатчы өзү толуктап, корутунду документ апрелде аралдагы эки жамаат үчүн белгиленген референдумга койулат. Грек же түрк тараптын бири эле бул келишимди жактырбай калган кырдаалда, БУУнун азыркы долбоору майнапсыз болду деп саналат да, Кипр аралынын түштүгүндөгү грек бөлүгү (сектору) гана үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Европа Биримдигине толук мүчө болот.

XS
SM
MD
LG